Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Украинанын портторунан айыл чарба азыктары жүктөлгөн дагы төрт кеме жолго чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-августта Украинанын портторунан айыл чарба продукциялары жүктөлгөн дагы төрт кеме чыгып кеткенин Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди. Алардын экөө Черноморск, бирөө Одесса, дагы бири Южный портунан жолго чыкты.

Орусиянын ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Da Lings жүк ташуучу кемеси 14 миң тонна кант кызылчасын Түштүк Кореянын Кунсан портуна ташып баратат. Ал эми Филоз жана Фойл кемелерине жалпысынан 9,3 миң тонна өсүмдүк майы, Кубросли-И бортуна 10 миң тонна буудай жүктөлгөн.

Жекшемби күнү Түркияда беш кеме текшерүүдөн өтөт. Алардын төртөө Украинадан жүк алып келүү үчүн бош баратат. Бирөө Украинадан тамак-аш ташып келаткан кеме. Reuters агенттигинин эсебинде Стамбул келишими түзүлүп порттор ачылгандан кийин Украинадан жөнөтүлгөн жүк ташуучу кемелердин саны 31ге жетти.

Украина менен Орусия 22-июлда Стамбулда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Түркия менен өз өзүнчө кол койгон келишимге ылайык, Одесса, Черноморск жана Южный портторунан дан азыктарды чыгаруу үчүн коопсуз коридор түзүү каралган.

Келишим боюнча, кемелердин коопсуз өтүүсү үчүн коридор түзүлүүдө. Айыл чарба азыктарын жүктөө жана түшүрүү иштерин Украинанын, Орусиянын, Түркиянын жана БУУнун байкоочулары текшерет. Түркия кемелердин өтүүсүн жана келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн координациялык борбор түздү.

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам Кара деңиздеги тосулган порттордо миллиондогон тонна азык-түлүк топтолду. Киев бул үчүн Орусияны айыптады. Москва дан ташыган кемелер акваториядагы украин миналарынан улам кете албай жатканын билдирген. БУУ өзгөчө Африка менен Азиянын жакыр өлкөлөрүндө ачарчылык коркунучу бар экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG