Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:35

Согуш башталгандан бери Украинада 373 бала каза болду


Винница шаарынын борборунда Орусиянын ракеталык чабуулунан 4 жашар Лиза аттуу кыз каза болгон жерге кишилер таштап кеткен гүлдөр жана оюнчуктар. Винница, 15-июль, 2022-жыл
Винница шаарынын борборунда Орусиянын ракеталык чабуулунан 4 жашар Лиза аттуу кыз каза болгон жерге кишилер таштап кеткен гүлдөр жана оюнчуктар. Винница, 15-июль, 2022-жыл

Украинанын Башкы прокуратурасы Орусиянын кол салуусунан 21-августка карата баш-аягы 373 бала каза болуп, 721ден ашыгы ар кандай жаракат алганын билдирди.

Мекеме бул акыркы сан эмес экенин, согуш болуп жаткан жерлерде, оккупацияланган жана орус аскерлеринен бошотулган аймактарда каза болгондор такталып жатканын белгиледи. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 20-августта Николаев облусунун Вознесенск шаарында турак үй аткыланып үч бала жаракат алды.

“Донецк облусунун Мариупол шаарында оккупанттар тарабынан жасалган аскердик кылмыштарды каттоо учурунда бир жаштан 17 жашка чейинки дагы 10 баланын каза болгону белгилүү болду”, — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын аскерлери 2328 билим берүү мекемесине зыян келтиргени, анын 289у толугу менен талкаланганы кабарланды. Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG