Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:17

Элдик курултайды өткөрүү, делегат тандоонун жобосу жарыяланды


Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатат. 5-май, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатат. 5-май, 2021-жыл.

Элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоонун жобосу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Анда бул жобо «элдик курултайдын укуктук макамы мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин кыргыз элинин тарыхый салты болуп саналган элдик курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт” деп айтылат.

Жобо үч бөлүктөн турат. Биринчи жалпы жоболор, курултайга делегат шайлоо жана курултайды өткөрүү тартиби. Жобонун тексти бул жакка жайгаштырылды.

17-августтун кечинде президент Садыр Жапаров элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоо боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анда мыйзам кабыл алынганга чейин элдик курултайды жарлык менен чогултууну туура көргөнүн жана анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин билдирди. Президент курултайга аймактардан делегат тандоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнө тыюу салынганын айтты.

Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка ылайык, курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган, анын курамы бекитилген.

Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес. Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз каранды экенине байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG