Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

Апрель-июнь айларында Казакстанга 500 миңден ашык орусиялык келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

РБК порталы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме берип 2022-жылдын апрель-июнь айларында Орусиянын 4,99 миллион жараны чет өлкөгө чыкканын жазды. Бул биринчи кварталга салыштырмалуу 28% көп.

Постсоветтик өлкөлөргө, негизинен Казакстанга, Арменияга жана Грузияга барган орусиялыктар көбөйгөн. Ушул жылдын апрель-июнь айларында Орусиядан Казакстанга дээрлик 570 миң адам келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 2,9 эсеге көп. Орусиянын 180 миң жараны Арменияга, 163 миңи Грузияга чыккан.

Украинада согуш башталгандан бери бул өлкөлөр орусиялык жарандар менен компаниялардын өкүлдөрүнүн тез-тез каттаган жерлерине айланды. Санкциялардан улам эл аралык төлөм системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган орус жарандары эсеп ачуу үчүн Өзбекстан же Армения сыяктуу өлкөлөргө да көп катташат.

Орусиялыктарга Европа өлкөлөрүнө чыгуу мүмкүнчүлүктөрү азайгандыктан, Түркияга каттаган орусиялыктар да өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көбөйүп, 1 миллион 300 миң кишиге жетти.

“Орусияга дос эмес” деп таанылган өлкөлөргө барган орусиялыктар кескин азайды. ФСБнын маалыматы боюнча, өткөн жылдын экинчи чейрегинде АКШга 36 миң 700 адам барса, быйыл ушул эле убакта 39 гана киши кеткен. Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө болгон сапарлар да 36% кыскарган.

17-августта Грузиядагы жыйырмадан ашык бейөкмөт уюм орусиялыктар үчүн виза режимин киргизүүнү суранган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Алар орусиялык туристтердин эч көзөмөлсүз жапырт түрдө өлкөгө кириши, Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан качуу үчүн Грузияга жер которгон ишкерлер мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG