16-августта Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди эки айга камакка алууга чечим чыгарды. Соттун бул чечими коомчулукта сынга алынып, иш саясий өңүт алды деген талкуу жүрүп жатат.
Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты Чыңгыз Ибраев анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрыларын "Азаттыкка" билдирди. Ал Биринчи май райондук сотунда тергөөчү Жекшеналиевди камакка алуу өтүнүчүн келтиргенин, аны прокуратура да колдогонун айтты.
“Биз беш күндүн ичинде кийинки инстанцияга кайрылабыз. Анткени соттун чечими менен макул эмеспиз. Ырыс Жекшеналиев массалык баш аламандыкка чакырган эмес”.
19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта ИИМде бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына жайгаштырганы негиз болгон. Блогер сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп сыпаттады.
“Мен Абдил Сегизбаевдин сөзү үчүн жооп беришим керекпи? Мен анын профилинин, видеонун, группанын шилтемелерин бергем. Бирок мени камагысы келген окшойт. Камап атышат. Эми күтөлү буларды” - деди Жекшеналиев.
“Полит Узник” баракчасына жарыяланган эки мүнөттүк видеодо Абдил Сегизбаев бийликтин Жетим-Тоо темир кенин казуу аракетин сындап, ага каршы чыга турганын айткан. Блогер кармалган күнү ИИМге Сегизбаев да сурак берип, ал видео тасма эки жыл мурда президенттик шайлоо өнөктүгү маалында тартылганын тастыктаганы маалым болду.
Анын жактоочусу Кайсын Абакиров видео боюнча мындай түшүндүрмө таратты:
“Эскерте кетсек, бул видеотасма эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жарыяланган, видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген”.
Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасы 2020-жылы май айында ачылган. Азыркы учурда анын 12 434 катталуучусу бар. Ырыс Жекшеналиев соңку бир жарым жылдан бери “Полит Узниктин” модератору болуп иштеп жаткан. Анда көбүнчө бийликтин кадамдарын сындаган жана камактагы саясатчылар жөнүндө маалыматтар жарыяланып турган.
Ырыс Жекшеналиев соңку эки жылдан бери коомдук иштерге активдүү аралашып, социалдык тармакта бийликти сындаган көз карашын да билдирип жүргөн. Ал 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары суракка чакырылган. Жетим-Тоонун казылышына кескин каршы чыгып жаткан ишкер жана жарандык активист Илгиз Шаменовго байланыштуу маалыматтарды жарыялап турган.
2002-жылы туулган Ырыс Жекшеналиев быйыл Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин биринчи курсун аяктаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев жаштар "саясаттын курмандыгына айланып жатат" деп тынчсызданат.
“Анткени биздин көпчүлүк жарандарыбыз окуянын чоо-жайын түшүнбөй, терең анализ жасабай туруп бирөөлөргө курал болуп атат. Айрыкча жаштар өзүн блогер деп эсептеп алышып эле ар кандай жеңил-желпи иштерге аралашып атышат. Бул жерде керкисинде да, кемтигинде да бар болушу мүмкүн. Бийлик буга чейинки бөлүшкөндөрүн карап, жеңил чара колдонсо болмок. Бирок антейин десең, жоопкерчиликсиз мамиле көбөйүп кетти. Мен өзүм сөз эркиндигин, демократиялык балуулуктарды колдойм. Бирок кайсы бир ишти кыларда жоопкерчиликти унутпаш керек”.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дастан Бекешев да блогердин камалышы боюнча пикирин айтып, президент Садыр Жапаров бул окуяга көңүл бурат деген ишенимин билдирди.
"Ырыс Жекшеналиев деген баланы тааныбайт болчумун. Аны 19 жашта жана блогер, активист деп жатышат. Бийлик аны таанымал кылды. Мен анын билдирүүлөрүнөн сындан башка кандайдыр бир чакырык тапкан жокмун. Эми 19 жаш, жалындап турган жаштык, 50-60 жаштагылар жаңылат. 19 жаштагы баланы камап, оор айыптоолорду койгон туура эмес. Сын үчүн эч ким камалбашы керек. Президент "кой бергиле" деп айтарына ишенем", - деди Бекешев өзүнүн Телеграм каналында.
14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан Жетим-Тоо кенине байланыштуу кайрылуу жасап, кенди иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.
Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик
Ырыс Жекшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен айып тагылды. Ага ылайык, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.
Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек да 278-берененин негизинде июнь айынан бери камакта отурат.
Ал Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып турчу. Активист камалганга чейин бийлик бир нече жолу эскертүү бергенин айтып жүргөн.
Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн "Медиа Полиси" институту билдирүү таратып, бийликти камактагы активист, блогерлерди бошотууга чакырды.
“Биздин баамыбызда, аталган берене боюнча коюлган айып бийликти сындаганы үчүн куугунтуктоого окшоп турат. Бул 2022-жылдын башынан бери коомчулукка белгилүү болгон ушул өңдүү үчүнчү кылмыш иши: ушул тапта дагы эки жарандык активист – Ураимов Мирланга жана Адилет Али Мыктыбекке карата жазык иштери сот өндүрүшүнүн ар кандай баскычтарында жүрүп жатат. Жогоруда аталган жарандарга, ошондой эле 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата социалдык тармактарда ар кандай билдирүүлөрү үчүн иш козголууда, бул жарандар бийлик кабыл алган чечимдерди жигердүү түрдө сындап, өздөрүнүн жарандык позициясын билдирип келишкен. Ушуга байланыштуу бийликти сындоо – бул ар бир адамдын сөз жана пикир эркиндигине болгон конституциялык укугу экенине көңүл бурабыз”.
"Медиа Полиси" институтунун билдирүүсүндө сөз болгон Мирлан Ураимов 8-февралда кармалып, 9-мартта эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.
21-июнда блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда бийликти сындаган пикири үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыккан. Алар бул окуяларды саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.
Ал эми журналист Тынчтык Алтымышев блогерлер журналистиканын жалпы эреже, стандарттарын так сакташы керек деген пикирде.
“Блогерлердин мыйзам жана адамгерчиликтин чегинде жоопкерчилиги болуш керек. Бул боюнча бир нече мыйзам бар. Акыркы жолу “Маалыматты манипуляциялоо” боюнча мыйзам кабыл алынган. Блогер деген эркин журналист да. Алар дагы журналистиканын жалпы эрежесине, этикасына баш ийиш керек. Анан эле ар кандай чагымчыл, жалганды жазса, улут аралык, диний кастыкты козуткан материалдарды чыгара берсе кандай болот?”.
Тынчтык Алтымышев айтып жаткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга Садыр Жапаров 2021-жылы кол койгон. Анын түшүндүрмөсүндө ар бир жаран өз ар-намысын коргоого укуктуу экени, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.
Ошол эле учурда аталган мыйзам бийликти ачык сындагандарга каршы колдонулат деп чочулагандар көп болгон.