Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Хаменеи Израилдин лидерлерин кармоо жетишсиз экенин айтты


Али Хаменеи. 2024-жылдын 25-ноябры.
Али Хаменеи. 2024-жылдын 25-ноябры.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого эл аралык ордер берилгени жетишсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал 25-ноябрда "Басиж" ыктыярчылар корпусунун жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Аятолланын пикиринде, израилдик эки жетекчи өлүм жазасына тартылышы керек.

Эл аралык кылмыш соту 21-ноябрда ХАМАСтын (бул топ АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган. Соттун белгилешинче, Нетаньяху менен Галант Газа секторунун жайкын тургундарына кол салып, аларга деген гуманитардык жардамды тороп, "ачарчылыкты согушуунун ыкмасы катары колдонууда" деп шектелүүдө.

Израил Эл аралык кылмыш сотунун бул чечимин "абсурд" деп атаган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Газанын саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери бул аймакта каза болгондор 44 миңге чамалады. Израил ХАМАСтын артында Иран турат деп эсептейт. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG