Орусиянын Москва арбитраждык соту 15-августтан тартып "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" жергиликтүү бөлүмү – “Свобода” радиосунун банкроттуулугу боюнча жол-жобосун карай баштады.
Банкроттуулук жөнүндө арызды 4-мартта Федералдык салык кызматы жолдогон. Анда радио 2021-жылы 7 миллиард рубль салык төлөбөй койгону келтирилген. Банкроттуулук жараянынын убактылуу башкаруучусу болуп Юлия Ага-Кулиева дайындалды.
2021-2022-жылдары Роскомнадзор мекемеси “Свобода” радиосуна жана анын башкы директоруна каршы миңдей административдик иш ачкан. Бул радио ар бир материалын медиакорпорация “чет элдик тыңчылардын” тизмесине киргенин белгилебей койгону үчүн жасалган.
Бул иштер боюнча салынган айыппулдар дээрлик 7 миллиард рублге жакын. “Свобода” радиосунун банктык эсептери жабылгандан улам аларды төлөй алган эмес жана бул банкроттуулук боюнча тартиби башталышына формалдуу себеп болду.
"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" пикиринде, “чет элдик тыңчылар” тууралуу Орусиянын мыйзамы саясий цензура болуп саналат жана журналисттердин өз ишин алып барууга чектөө салат. Медиакорпорация бул өлкөнүн ичиндеги соттордо жана Европадагы адам укуктары боюнча сотунда орус бийлигинин аракеттерине каршы өз позициясын коргоону уланта бермекчи.
“Эч нерсеге карабай биз өз аудиториябызга Орусиядагы жана дүйнөдөгү окуялар тууралуу маалыматтарды жеткирүүнү уланта беребиз. Кырдаал оор, бирок биздин корпорациянын 70 жылдык тарыхы күбөлөндүрүп тургандай, убакыт эркиндик тарапта, керек болсо путиндик Орусияда ошондо”, – деп билдирет "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флай.
"Эркин Европа/Азаттык радиосу" Орусиянын бийлигинин улам күчөп жаткан басымынан улам 30 жыл иштеген Москвадагы бюросун 2022-жылдын мартында жапты. Ушул убакка чейин радио менен кызматташкан 27 журналист Орусиянын Юстиция министрлигинин “чет элдик тыңчылар” тизмесине киргизилген. Медиакорпорациянын орус тилиндеги сайттары, анын ичинде “Свобода” радиосунун сайты жана алардын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары Орусиянын аймагында бөгөттөлгөн. (ErN)