Ооганстандын бийлигин басып алган “Талибан” террордук тобу Орусияга кайрылып, Кабулга 1 миллион тонна баррель мунай сатууну сунуштады. Бул тууралуу талибдердин өкмөтүнүн өндүрүш жана соода министри Нуриддин Азизи РИА Новости маалымат агенттигине курган интервьюсунда билдирди.
Азизи анда “Талибан” мунайды бартердик жол менен алууну караштырып жатканын белгиледи. Ал өздөрү сунуштачу товар так эмес экенин, Орусия Ооганстандагы кайсы бир нерсеге кызыкса, ошого алмаштырууга даяр экенин кошумчалады.
Июнда Петербургдагы эл аралык экономикалык форум учурунда Ооганстандын соода-өндүрүштүк палатасынын жетекчиси “талибдер Орусиядан мунай жана дан сатып алууга кызыкдар болуп жатканын” билдирген. Талибдердин өкүлдөрү сүйлөшүү үчүн кайрадан Москвага 14-август күнү келишкен.
Талибдер Ооганстандын бийлигин алганына 15-августта толук бир жыл болду. Алар былтыр 15-августта бийликти басып алып, өздөрү өкмөт түзгөн. Аны дүйнө өлкөлөрү тааный элек. “Талибан” кыймылы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда террордук уюм деп табылган. Ага караба орусиялык аткаминерлер талибдер менен Москвада жолугушууларды байма-бай өткөрүп келатат.
Өткөн жылдын октябрында президент Владимир Путин Орусия мындан ары “Талибанды” террорчулардын тизмесинен чыгарууга багыт аларын жарыялаган. Мамлекеттик маалымдоо каражаттарына талибдер тууралуу материалдарга “Орусияда тыюу салынган уюм”, “террордук уюм” деген сыяктуу атайын белгилерди коюу тапшырмасы жокко чыккан.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 17-мартта Ооганстан менен расмий байланыштарды кайрадан баштоо чечимин кабыл алган. Андагы резолюцияга ылайык, БУУнун атайын миссиясы Ооганстанга бир жылга киргизилери белгиленген. Орусия бул боюнча документке добуш берүүдөн карманган. (ErN)