Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

АКШ Беларустун 100 чиновнигине визалык санкция салды


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

Америка Кошмо Штаттары Беларустун дагы 100 чиновнигине жана беларус лидери Александр Лукашенконун режими менен байланышы бар адамдарга визалык санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин 9-августта жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

Мамлекеттик катчы бул чаралар Беларуста “демократиялык институттарды жок кылууга же зыян келтирүүгө” тиешеси бар адамдарга карата кабыл алынганын билдирди.

Визалык санкция Лукашенконун администрациясынын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Мамлекеттик коопсуздук комитеттин (КГБ), Башкы прокуратуранын, Тергөө комитетинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Белта телеканалынын, Аскер-аба күчтөрүнүн жана Жогорку кесиптик билим берүүнүн кызматкерлерине салынды. Тизмеге парламенттин депутаттары, райондук соттор, коопсуздук кызматкерлери да кошулду.

Мамлекеттик департамент Беларустун ички иштер министринин орун басары Николай Карпенковго жана Минск ОМОНунун командири Дмитрий Балабага каршы санкцияларды кеңейтип, Карпенковдун жубайы менен уулуна, Балабанын жубайы жана эки уулуна виза чектөөсүн киргизди.

Санкцияларга жооп катары Беларустун Тышкы иштер министрлиги “Беларустун жетекчилигинин легитимдүүлүгүн Брюссель же Вашингтон аныктабайт” деп билдирди. Аны Беларустун эли чечерин жана “ал эки жыл мурда калк азыркы лидерди колдоп чыкканда” билингени айтылат.

Быйыл 9-августта Беларустагы элдик толкундоолорго эки жыл болду. 2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңип чыккан.

Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Оппозиция шайлоодо Светлана Тихановская жеңген деп эсептейт. Бийлик митингдерди күч менен басып, расмий маалыматка караганда, августтан ноябрь айына чейин 13 миңден көп адам кармалган.

XS
SM
MD
LG