Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

“Укртранснафт” Европанын үч өлкөсүнө орус мунайын жеткирүүнү токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын магистралдык куурларынын оператору “Укртранснафт” орус мунайын “Достук” куурунун түштүк тармагы аркылуу Венгрияга, Чехияга жана Словакияга жеткирүүнү токтотту. Орусиялык “Транснефть” мунай өндүрүүчү компаниясы буга Орусия кызмат акысын төлөбөгөнү себеп болгонун билдирди.

Орусиялык компания транзит үчүн акчаны Евробиримдиктин санкцияларынан улам төлөй албай жатканын, Украина болсо каражат 100% төлөнсө гана күйүүчү майды жеткирүү боюнча транзиттик кызматты көрсөтүү шартын койгонун кабарлады. “Укртранснафт” кырдаалга байланыштуу комментарий бере элек.

Июнда Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып, орус мунайынан баш тартууну сунуштаган. Бирок Венгрияда жана Словакияда мунайды тезирээк алмаштырууга мүмкүн болбогондуктан, “Достук” кууру аркылуу мунай жеткирүү мурдагыдай эле бойдон калган. “Транснефть” Евробиримдиктин санкцияларына март айында киргизилген.

Компания бул жолку төлөм июль айында макулдашылган жетинчи санкциялар пакетинен улам ишке ашпай калганын билдирүүдө.

Украина Европага орус газын жана мунай ташууну улантууда. Москва транзит үчүн акча төлөйт. Ушул тапта иштеп жаткан мунай транзиттик келишими 2019-жылдын декабрында түзүлгөн. Ал 2030-жылдын январына чейин күчүндө болот.

XS
SM
MD
LG