Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:50

Зеленский Орусияга Украинанын аймагында референдум өткөрбөшү керектигин эскертти


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Москва басып алган аймактарды Орусияга кошуу боюнча референдумдарды өткөрсө, украин бийлиги менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырай турганын эскертти. Бул тууралуу Зеленский салтка айланган кечки видео кайрылуусунда билдирди.

Президент Украина өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн өз позициясына бекем турарын кошумчалады.

"Эгер баскынчылар псевдореферендумдар жолу менен барышса, анда алар Украина жана эркин дүйнө менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ал эми бул нерсе Орусияга кайсы бир учурда сөзсүз керек болот", - деди Зеленский.

Украинада согуш башталганы украина жана орус бийликтеринин ортосунда куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча бир нече айлампа сүйлөшүү жүргөн. Бирок алар эч кандай жыйынтык берген эмес. Соңку сүйлөшүү марттын аягында Стамбулда өткөн.

Расмий Киев согушту токтотуу үчүн башкы шарт катары орус аскерлери Украинанын аймагынан чыгып, 24-февралга чейинки позицияга чегинишин талап кылууда. Орусия болсо басып алган аймактардан эч качан чыкпасын билдирип жатат.

24-февралдан бери Орусия Луганскинин дээрлик бардык аймагын, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын бир катар аймактарын басып алды. Бул жерлерде Орусияга кошулуу боюнча референдумдар өтүшү мүмкүн экени айтылып келе жатат. Айрым маалыматтар боюнча, референдумдар сентябрга белгилениши ыктымал.

XS
SM
MD
LG