Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Газа тилкесинде "Ислам жихадынын" командири Халед Мансур өлтүрүлдү


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Израилдин коргоо күчтөрү Газа тилкесинде “Ислам жихады” тобунун аскер командирлеринин бири Халед Мансурдун жок кылынганын 7-августта жарыялады. Аны менен орунбасары Зияд Мадалал жана бригаданын командири Хаттаб Амасси өлтүрүлгөн.

Топтун таасирлүү лидерлеринин бири деп эсептелген Мансур "Ислам жихадынын" Газа тилкесинин түштүк бөлүгүндөгү ишмердүүлүгүнө жооптуу болгон. Ал эми бир күн мурда өлтүрүлгөн Тайсир ал-Жабари түндүктү башкарган. Бул топтун ишмердигине Кыргызстанда 2008-жылдан бери тыюу салынган.

Жекшембиге караган түнү Израил армиясы “Ислам жихадынын” согушкерлерин жок кылууга багытталган "Таң" операциясын улантты. Израил тараптын маалыматы боюнча, 140ка жакын аскердик объект, анын ичинде жер астындагы туннелдерге сокку урулду.

6-августта операция башталгандан бери Израилге Палестина тараптан 580 ракета атылган. Алардын 120сы Газа тилкесинин өзүндө кулап, 200гө жакынын Израилдин “Темир купол” ракетадан коргонуу системасы тоскон.

Газа секторунун саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, операция башталгандан бери 32 адам, анын ичинде алты бала каза болду. Алардын айрымдары Израилге атылган, бирок бутага жетпеген ракеталардын жарылуусунан көз жумду. Израилдик 28 киши жеңил жараат менен ооруканага түштү.

8-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа тилкесиндеги чыр-чатактын курчушу боюнча кезексиз жыйын өткөрөт.

XS
SM
MD
LG