Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилди


Баалуу металлды ээритүү жараяны. Иллюстрациялык сүрөт.
Баалуу металлды ээритүү жараяны. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети баалуу металлдарды жана кара металлдын сыныктарын, калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салды.

5-августтагы чечимге ылайык, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды 500 кг ашык эмес көлөмдө Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө чектөө киргизилди.

Министрлер кабинетинин башка бир чечими менен кара металлдын бөлүктөрүн, куймаларын алты айга чейин Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан сыртка чыгарууга болбойт.

Экономика жана коммерция министрлигине бул чечим тууралуу үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлоо тапшырылды.

  • Баалуу металл – алтын, күмүш, платина жана платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий).
  • Кара металл - чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн жана болот. Кара металл курулуш материалдарын чыгарууда, техникалык жабдууларды жасоодо ж.б. колдонулат. (SE)

XS
SM
MD
LG