Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

75 жаштагы ардагер алты мамлекетти велосипед менен кыдырат


Мамыт Таштанов.
Мамыт Таштанов.

Ош шаарынын тургуну, эмгек жана спорт ардагери Мамыт Таштанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн алты мамлекеттен велосипед тээп өтөт. Таштанов 5-августта сапарга чыкты, ага Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Ал Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия мамлекеттерин кыдырат. Таштанов сапардын максатын "түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо" деп атады. Ал буга чейин дагы Өзбекстанды велосипед менен кыдырган.

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн.(AAb)

XS
SM
MD
LG