Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

6-августка аба ырайы: Чолпон-Ата шаарында 26 градус жылуу


Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлү. 2022-жылдын 30-июлу. Бексултан Абабакировдун (RFE/RL) фотосу.
Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлү. 2022-жылдын 30-июлу. Бексултан Абабакировдун (RFE/RL) фотосу.

2022-жылдын 5-6–августарында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу рйондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,

Нарын дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23...28,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы 18…20°, күндүз 32…34°.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Аба түнкүсүн 13…15 градус, күндүз 24…26 градус жылуу.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы бүгүн 5-августта саат 12:00де 21.1 градус жылуу болду.

XS
SM
MD
LG