Украиналык фотосүрөтчү Киев шаарынын жака белиндеги тургундардын орус аскерлери бастырып киргендеги баштан кечирген окуяларын жазып алган.
Фотограф Алена Гром (сүрөттө) Украинанын чыгышындагы Донецкиден болот. 2014-жылы Донбасста согуш чыкканда, ал Киевге жакын жайгашкан Бучага көчүп барган эле.
Гром “Азаттыктын” кабарчысына 2022-жылы 24-февралда анын жакындары Орусиянын кол салуусунан сактанып, “экинчи ирет качкын болгонун” айтып берди.
Орусиянын аскерлери Киевдин алдынан артка чегинген соң Гром Бучадагы өзүнүн үйүнө кайтып келди. Буюм-тайымын салган чемоданы даяр – кайрадан качууга туура келиши да ыктымал эмеспи. Гром Бучанын көчөлөрүн аралап, баскынчылык убагында шаардан кетпей калган жергиликтүү тургундар менен кездешти. Алардын баштан кечирген азап-тозогун жазып алган.
Рустем, Бучадан
Рустемдин үйү орусиялык аскер техникасынын колоннасы жок кылынган Вокзальная көчөсүндө. Ошол салгылашуу жүрүп жаткан маалда Рустем уулу, аялы жана башка туугандары менен бирге жертөлөгө жашынып калган.
Алардын үйүнүн жанында жөө аскерлердин согуштук машинеси жарылды. Рустемдин машинеси коюлган гараж өрттөнүп кеткен. Түтүн үйдү каптап, жер төлөдөгүлөр сыртка чыкканда, кошуна турган үйлөрдүн күйүп жатканын көрүштү.
Бул окуядан кийин Бучанын тургундары эми орус аскерлери чегинди го деп ойлогон эле. Бирок 4-мартта орус күчтөрү кайрадан келип, кошуна үйгө кирип алышты. Ал үйдүн тургундары Рустемдин жанына качып келүүгө үлгүргөн.
Алар түн бою жашынып жатышты. 5-мартта эшикти орус аскерлери каккылады. Тургундар: “Бул жерде карылар менен балдар гана бар. Биздин курал-жарагыбыз жок!” – деп кыйкырышты. Орусиялыктар баарын үйдөн сүйрөп чыгып, көчөгө тизип коюшту. Документтерин текшерип, телефондорун талкалап салышты.
Бир телефон сынбай калыптыр. Рустемдин аялы аны сумкасына салган экен. Алардын жөнөп кетишине беш мүнөт берилди. Үйдүн ээси Снежок деген мышыгын ала кетейин деп, капка салганда, мышык секирип чыга качты.
Солдаттар элдин баарын кошуна көчөдөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө көчүрдү. Анда көптөгөн аскерлер, ар бир короодо чопкуттуу техника бар эле. Садовая көчөсүндөгү короодо штабдын машинеси турган болчу.
Бир нече түн жертөлөдө жашаган соң Рустем аскерлерден бул адамдарды бош коё берүүнү өтүндү. Аскерлер 10 кишини чыгарышты, алардын арасында үч жашар баласын жетелеген аял да бар болчу. Бирок бир үй-бүлөнү жер төлөдө дагы төрт күн кармашты.
Рустем жана башка бошонуп чыккан кишилер Ирпенге чейин жөө жетип, түнөштү.
Ирпенди түнү бою бомбалашты. Таң атканда мусапырлар андан ары жол тартышты. Аларды ыктыярчылар машинесине салып, Ирпендин алдындагы кыйратылган атактуу көпүрөгө чейин жеткирип коюшту. Андан ары Киевге жөө кетишти.
Рустем Бучага орус аскерлери чегингенден кийин кайтып келди. Бир ай Украинанын чыгышындагы Полтавада турган агасыныкында жашады.
Үйдүн кире беришинде аны Снежок мышыгы күтүп туруптур.
Ичкериде шараптан бошогон бөтөлкөлөр, солдаттардын батиңкелери чачылып жатыптыр. Уулунун бөлмөсүнө аскерлер: “Ушундай буйрук берилген эле”, - деп жазып кетиптир. Англис тилиндеги Sorry деп ката жазылган сөз да бар эле.
Ирина, Бучадан
Бучаны орусиялыктар басып алгандан кийин Ирина коркуп үйүнөн чыкпай отурду. Ооруган апасынын жанынан жылбай, ажалды күтүп жатты. Алар кийинчерээк “өлүм көчөсү” деген аталышы менен таанымал болуп калган Яблонская көчөсүндө турушчу.
Орусиялык күчтөр басып алгандан төрт күндөн кийин бир жолу кошунасы кудуктан суу алганы келип, Иринага орусиялыктар “жеңине ак чүпүрөк байлап алгандарга” көчөгө чыгууга уруксат беришти деди. Ирина от жагып, тамак бышыруу жана суу алуу үчүн сыртка чыга баштады. Орусиялык аскерлер кошуна эки үйдө жайгашкан эле. Иринанын жупуну үйүндө өздөрү турбаса да, короосуна чопкуттуу машинени чүпүрөк менен чүмбөттөп коюшту.
Орусиялык солдаттар төрт кырдуу желим идиштерине суу алуу үчүн кудукка көп келип турушту. Ирина алар менен сүйлөшкөндө “абдан корком!” деди. Алар да коркобуз дешти. Аскерлер, айрыкча биринчи толкун менен келгендер өтө коркуп калган экен. Ок атышуу тынчыбаган абалга көнүп кетүү мүмкүн эмес болчу.
18–19-мартта аскер адамдары которуштурулду. Жаңы аскерлер келди. Алар машинелерин каерге койбосун, таамай соккуга кабыла беришти. Орусиялыктар чоң жоготууга учурап жатты. Ирина орус солдаттарынын сөөгүн көргөн жок, анткени алар чегингенде шериктерин таштабай ала кетип жатышты. Сыртта тамак бышырып жатканда кошуна короодогу солдаттардын сөздөрүн угуп калчу.
Басып алуунун алгачкы күндөрү Ирина солдаттар аргасыз келишкен деп ойлочу. Бирок алардын мыкаачылыгын көргөндө, жаңылышканын түшүндү.
Орусиялыктар үч эркекти өлтүрүп, кошуна үйдүн жанына көөмп салышты. Анан Иринанын таанышы Диманы үйүнүн алдында тамеки чегип отурган жеринен атып өлтүрүштү. Жакынкы кесилиште жоокерлер үйдөн тургундарды кууп чыгышты. Алар колдорун көтөрүп чыкканда, аскерлер үйдүн ичине граната ыргытышты. Үйдүн ээсинин өлүгү көчөдө бир ай бою көмүлбөй жатты. Ирина кошуна аялдын сөөгүн орусиялык солдаттар көөмп жатканын терезеден көрдү.
Иринанын энеси медициналык жардам ала албай, 14-мартта кайтыш болду. Орус аскерлери уруксат берген соң, көп батирлүү үйдүн жер төлөсүндө жашаган эки киши сөөктү короого көмүүгө жардам беришти. Көр казылып жатканда, ошол тушта чопкуттуу машине турду. Бул сүрөт тартылган февраль айында Иринанын энесиин сөөгү короодогу бейитинде болчу.
Апасы каза болгондон кийин Ирина коопсуз жайга – көп батирлүү үйдүн жертөлөсүнө көчтү. Кээде ал тамак бышыруу же кийимин алмаштыруу үчүн үйүнө барып турчу. Бир жолу солдаттар жер төлөгө кирип, эми Яблонская көчөсүндө басууга тыюу салынат, анткени ал жер аткыланып жатат дешти. Ирина алар өздөрүнүн мыкаачылык кылганын көрсөтпөө үчүн ошентишкен болчу деп эсептейт.
Украин аскерлери кирип келгенде, Ирина Бучанын бошотулганына, алаамат аягына чыкканына ишене албай турду. Ал Украинанын желек көтөргөн солдаттарын көргөндө ыйлап жиберди.
Юрий, Пуща-Водицадан
Юрий аялынан айрылып калган. Ал Киевдин түндүк-батыш четиндеги токойго чукул кооз жерде жалгыз жашайт. Үйдөгү нерселердин баарын өз колу менен жасаган. Верандасында өзү жасаган эмерек турат. Орусиялыктар бастырып киргенден кийин тегеректе бир дагы үй бүтүн калбады. Бардык имараттар зыянга учурады. Дубалы менен чатыры бузулбай калган болсо, үй ээлери кубанышчу.
Марттын башында кошунасы чакырды: “Кайненем сорпо жасады. Кел, чогуу түштөнөлү. Аткылоо да күчөп кетти”.
Юрий эвакуацияга камынып жаткан эле. Үстөлүндө алтын, акча, документтер бар болчу. Көчөнүн этек жагындагы кошунасыныкына жөнөгөндө, токойдон жапалдаш бойлуу, жеңине ак чүпүрөк байланган орус солдат чыгып: “Колуңду көтөр!” – деп кыйкырды. Юрий колун көтөрдү. “Жат!” - деди солдат. Куяң оорусу бар болгондуктан, Юрийдин дароо жата калганга шайы келбеди. Ошондо ок атыла баштады. Ок колуна, согончогуна, санына тийди. Дагы жакшы, башына же жүрөгүнө тийбеди.
Кошунасы өзүнүн короосунда турган экен: “Серёжа, алар меникине да жетип келишти!” – деп кыйкырды Юрий.
Солдат муну угуп, өзүнүн шериктерин чакырды: “Экинчиси бар! Экинчиси бар! Ишке киришкиле!”
Дагы автомат атыла баштады.
Сергей: "Иваныч, мен короодон чыга албайм. Мага сойлоп кел!", - деп кыйкырды.
Ок атылып жатканда Юрий дубалдын бурчуна сойлоп келди эле, кимдир-бирөө анын бүркөнчүгүнөн кармап, ичкериге сүйрөдү. Кийин ал эсин жоготту.
Ал эсине келгенде, кошунасы шейшепти жараат таңуу үчүн жыртып жатканын көрдү. Колундагы тешик абдан чоң эле. Ал эми согончогунун эти көрүнүп калган болчу. Сергей кайненеси менен анын жараатын таңып жатканда, үйгө орус жоокерлер кирип: "Колуңарды көтөргүлө!" - деп кыйкырышты. Баары колун көтөрдү. Орусиялыктар буларды чөгөлөтүп: "Мында [украин] аскерлери барбы?", – деп сурашты.
Орусиялыктар үйдү тинтип, көчөгө чыгууга тыюу салды. "Биз текшерип турабыз", — дешти алар. Бирок кайтып келишкен жок.
Юрий бир жума төшөктө жатты. Дээрлик эч нерсе жеген жок. Интернет дагы, телефон байланышы дагы жок эле. Төбөдөн артиллериялык, минометтик снаряддар, РСЗО "Ураган" снаряддары жана кассет-бомбалар учуп өтүп жатты.
Сергей Юрийге тактайлардан балдак жасады. Антибиотик дарылар жок болгондуктан, Юрийдин жаралары ириңдеп, аларды ромашка менен жууп, башка каражаттарды колдонууга туура келди.
Бир жолу короого орус аскерлери кирип келди. Сергейдин эсебинде 32 киши эле. Жакшы кийимчен, ар биринин колунда гранатомёт бар болучу. Алардын үчөө үйгө кирип, коридордогу спирт бөтөлкөсүнө көздөрү түштү.
"Бул эмне? Аракпы? Ооз тийсек болобу?"-деп сурашты алар.
"Мен уруксат бербесем да, баары бир ичесиңер", - деп жооп берди Юрий.
Жоокерлер эки кадактан ичишти. "Жакшы болбодубу!" дешти алар. Үчүнчү кадакты өлгөн жолдоштору үчүн көтөрүштү. Экөө чыгып кетип, улуулары Юрийге жакын келип, мындай деди:
- Аксакал, кечирип кой. Биз согушуп жатканыбыз жок. Бул урушту биздин өкмөт баштады.
- Бирок бул жерде өкмөт эмес, силер жүрөсүңөр го?
- Биз буйрук аткаруудабыз, – деди орус солдат, бурулуп чыгып баратып.
"Эгер солдаттар келе турганын билгенимде, аракка уу кошуп коймокмун", - дейт Юрий.
Марттын аягында кайра суук боло баштады. Цельсия боюнча минус 10 градуска жетти. Электр жок эле. Адамдар үйлөрүндө сырт кийимчен отурушту. Тынбай аткылап жатышты. Жашына турган жер жок эле. Сергей короодогу ажатканага чыкканда, бут алдында снаряд жарылды. Чачыранды анын колуна жана чурайына тийди.
Эми үйдө эки жарадар киши болуп калды. Сергейдин абалы барган сайын начарлай берди. Юрий: "Жараткан, өзүң жар бол. Бизди бул жерден чыгарып кет. Бир амалын тап!", – деп Кудайга жалынып жатты.
23-мартта украин аскерлери орусиялыктарды кууп чыгышты. Бир нече украин аскери Сергейдин үйүнө келишти. Жоокерлер тез арада бул жерден кетиш керектигин айтышты. Алар колдо жасалган балдакты таянган Юрийди көргөндө: "Чоң ата, ушул кантип болсун!", – дешти.
Жоокерлер танкка каршы миналар жүктөлгөн арабаны бошотуп, ага Юрийди отургузуп, эвакуация кылуучу автобуска алып барышты. Автобус токойду аралап жай жүрүп, кийин чоң жолго чыкканда өтө катуу айдап, ооруканага жетип барды.
Сергейге операция жасашты. Юрий айылга кайтып келди. Орус аскерлери баарын талап-тоношкон экен. Акча, баалуу буюм-тайымдардан тышкары, Юрийдин маркум байбичесинин портрети да жок болуп чыкты.
Ал азыр үйүн оңдоп-түзөп жатат. Шагылдын арасынан розалары бой көтөрүп, жашоо уланууда. Бир колунун булчуңдары али да ооруйт, бирок ал балта-чот кармай алат. Эң башкысы, жеңиш үчүн ичкенге бир аз спирт ичимдиги сакталуу дейт.
Майя, Ирпенден
Майа 92 жашта. Март айында орус аскерлери Киевдин жака-белиндеги Ирпень шаарын аткылашты. Үч снаряд анын үйүнө түшүп, күйүп кетти.
Майя шейшебине оронуп, көчөгө качып чыгат. Кошуналары үйүнө алып кеткенче, ал жолдун ортосунда тура берген. Ошол түнү жакын арадагы дагы үч үй күйдү.
Кошуналардын жардамы менен Майя Украинанын батышындагы Львов шаарына кетти. Жайында бул кемпир Ирпенге кайтып келген эле, азыр аргасыз орун которгондор баш калкалоочу жайда турат.
Майя: "Мени туулган жеримдин топурагы чакырды", - дейт.
Майя тамеки, роза жана лилия гүлдөрүн өстүрчү. Кээде ал өз короосуна келет. Кошуналарына гүл белек кылат. Бийликтегилер согуштан кийин анын үйүн кайра тургузууга жардамдашабыз деп убада беришти. Бирок кемпир ага чейин жашайбы же жашабайбы?..
Владимир, Бучадан
5-мартта Владимир Бучада итин сейилдетип жүргөн. Бурчтан "кадыровчу" (чечен лидери Рамзан Кадыров түзгөн аскер бөлүктүн солдаты) чыга калды. Владимирге автоматын мээледи. Жашыныш үчүн Владимир үйдүн кире беришине секирди. Ошол учурда катуу үн чыкты. Снаряд жарылып, көп кабаттуу үй силкинди. Владимир жашынган жеринен чыгып, өйдөңкү кабаттар күйүп жатканын көрдү. Ал үйдүн бөлөк жагынан айланып өтүп, өрттүн сүрөтүн телефонго тартып алды. (Владимир тарткан сүрөттү Би-би-си медиакорпорациясы жарыялаган).
Ошол кезде орусиялыктар жергиликтүү элди эч териштирбей эле атып салышчу. Жолго чыгуу абдан кооптуу болчу. Орусиялык солдаттын көзүнө чалдыгуу өлүмгө барабар эле.
Бир жолу Владимир орус аскерлери көчөдө бир кишини атып салышканын көрдү. Ошол көз ирмемде тарс эткен дабыш чыгып, ал алдындагы жөлөмөгө ок сайылып калган. Снайпер күбө өткүдөй кишини да жок кылмакчы болгон эле.
Орусиялык аскерлер ал жашаган көп батирлүү үйдүн тургундарын өлтүрүп, короодогу машинелерди жок кылышты. Аткылоо башталганда, жашоочулар үйдүн жертөлөсүнө түшкөн жок. Алар башка түшкөнүн көрөбүз деп, батирлеринен чыкпай отурушту. Караңгы киргенде жоокерлер үйгө кирип келишпесин деп, тургундар күн сайын эшикти бекем бекитишчү.
Март айынын биринчи жарымында Владимир кошуналары менен районду кыдырып, өлүктөрдү чогултуп жүрдү. Кээ бирлери өз ажалы менен өлсө, айрымдары киши колдуу болгон эле.
Бир жолу орус аскерлери өлүктү тааныш үчүн Владимирди алып барышты. Маркум орус эле. Владимир: "Бул бизден эмес", - деди. Жоокерлер: "Биз эмне кылалы? Сен көмөсүң", - деп жооп беришти.
Владимир: "Эмне үчүн аны биздикилер менен көмүшүм керек? – деп каршы болду. Аскерлер айтканынан кайткан жок.
"Кандай кылсаң өзүң бил, сен көмөсүң!", – дешти.
Гуманитардык коридор ачылганда Владимир Бучадан чыгып кетти. Ворзелге чейин ал итин ээрчитип жөө келди. Ал орусиялыктардын блокпостунан өтүп жатканда кадыровчу солдат аны атып сала жаздады. Бирок башка солдаттар Владимирдин итине кызыгып, атпай эле кой дешти. Ошентип ал тирүү калды.
Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.