Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:33

Украин күчтөрү Крым менен Херсонду туташтырган темир жолго сокку урду


Украинанын картасы. Кызыл менен белгиленген чек Херсон облусунун аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын картасы. Кызыл менен белгиленген чек Херсон облусунун аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлери басып алган Херсон облусу менен аннексияланган Крымды туташтырган темир жолдо курал-жарак ташып келаткан орусиялык эшелонго сокку урду. Бул тууралуу Британиянын чалгын кызматы күн сайын жарыяланчу соңку бюллетенинде маалымдап, темир жолду жакын арада калыбына келтирүү оор болорун болжоду.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлигинин ыкчам командачылыгы Херсонго үч сокку жасалганын кабарлаган. Андан кеминде 20 орус аскери өлгөнү, бир нече танк, гаубица, автоунаа жана чопкутталган техника жок кылынганы такталган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку кайрылуусунда Батыш өлкөлөрүнөн алган курал-жарактын жардамы менен Орусиянын аскерлеринин мизин кайтарып жатканын, бирок кармаш дале оор болуп жатканын айтты.

“Ооба, биз орусиялык армиянын артиллериялык жана адамдын саны жагынан үстөмдүгүн дагы деле толук сындыра албай жатканыбыз чын. Бул согушта, өзгөчө Донбасстагы – Пески, Авдеевка жана башка багыттарда өтө сезилип жатат. Ал жак кадимки тозоктой. Аны сөз менен сүрөттөө да мүмкүн эмес. Муну ар бир украиналык сезип, андагы украин позицияларын коргоп жаткан биздин жоокерлерге ыраазы болушу керек”,- деди Зеленский.

Украин күчтөрү мурдараак Херсондо Днепр дарыясынан өткөн Антонов көпүрөсүн жараксыз абалга келтирген. Британ чалгынчылары көпүрөнүн жана темир жолдун бузулушу орус күчтөрү аталган аймакта техникаларды жана аскерлерди ташууда түйшүккө түшөрүн билдирүүдө. Азыр жүк дарыядан кеме менен ташылып жатат.

Бул маалыматтарды орус тарап ырастап, же төгүндөй эле. Согуштук маалда билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан тактоо кыйынга турат.

Херсон облусундагы райондук борбор болуп саналган Новая Каховка шаары Орусия басып кирген биринчи күнү – 24-февралда эле Москванын көзөмөлүнө өткөн. Орус тарап аталган облустун көпчүлүк бөлүгүн ээлеп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG