Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Кытайдын эскертүүсүнө карабай Нэнси Пелоси Тайванга конду


Нэнси Пелоси келаткан АКШнын учагы Тайбэйге конуп жаткан учуру. 2-август, 2022-жыл.
Нэнси Пелоси келаткан АКШнын учагы Тайбэйге конуп жаткан учуру. 2-август, 2022-жыл.

Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барды.

Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык, америкалык жогорку аткаминердин учагы 2-августта Малайзиянын Куала-Лумпурдан учту. Ал Индонезиянын, Филиппиндин аба мейкиндигинен өтүп, Тайвандын борбору Тайбэй шаарына конду. Мунун алдында аталган сайт бир нече убакытка иштебей калган.

Нэнси Пелоси Азия чөлкөмүнө жасалган сапарынын алкагында алгач Тайванга келери айтылып, кийин анын планында аталган өлкө жок экени ачыкка чыккан. Пелоси өзү Тайванга барарын төгүндөгөн да, ырастаган да эмес. Конгресстин делегациясы анда Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолугат деп күтүлүүдө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Кытай аскерлери алардын карамагында көптөгөн кыргын салуучу учактар (истребитель) бар экенин эске салып, аралды кайтарууга аларын маалымдаган. Бээжин аскерлерин чек арасына топтоп, Тайвандын аба мейкиндигинин айланасында аскердик машыгуу өткөрүүдө.

28-июлда АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын айланасындагы маселелерди телефондон эки саат талкуулашкан.

Маалыматта айтылгандай, Байден Тайван боюнча расмий Вашингтондун позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, Кошмо Штаттары "аралдын азыркы абалын өзгөртүүгө же анын тынчтыгы менен бейпилдигин бузууга чечкиндүү каршы турарын" кошумчалаган. Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай Тайванды өз аймагынын ажырагыс бир бөлүгү катары карай турганын белгилеген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “ким от менен ойносо ал күйөт. Кошмо Штаттары буга сергек мамиле жасайт деген үмүт бар" деп айтылган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG