Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы эмес


Алмазбек Атамбаев сот залында 2022-жылдын 28-июну.
Алмазбек Атамбаев сот залында 2022-жылдын 28-июну.

М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кошумча медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу 1-августта адвокат Замир Жоошев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Бүгүн 27-колонияда Алмазбек Шаршеновичке жолугуп келдим.
Абалы жакшы эмес. Ал киши өзү бийликтегилерден "мага дарыланганга мүмкүнчүлүк бергиле" деп сурабаса деле, мамлекет өзү мүмкүнчүлүк бериши керек" деген пикирин калтырган Замир Жоошев.

Быйыл 25-майда Алмазбек Атамбаевди №27 абактан дарылоо максатында Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, ал ооруканада дарыланып чыккан.

Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча, Бишкектин четиндеги "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү иштери боюнча алгач айыпталып, кийин соттун чечими менен акталган.

Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Андан сырткары Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтукка кабылган адам катары сыпаттап келет.

Өткөн айда дүйнөнүн 63 мамлекетинин социалисттик жана социал-демократиялык партиялары Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жолдоп, Алмазбек Атамбаевдин дарылануусуна уруксат берүүгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG