Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Тажикстанда кармалган эки журналист камакка алынды


Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Саидамини.
Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Саидамини.

Сот Дүйшөмбүдө кармалган журналисттер Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Саидаминини камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы Абдусаттор Пирмухаммадзоданын туугандарына таянып жазды. Маалыматка караганда, ал Сомони райондук сотунун чечими менен 27-июлда убактылуу тергөө абагына камалган. Журналист менен адвокат жолугуп чыккан.

"Анын ден соолугу жакшы. Тергөө уланууда. Тажикстандын тартип коргоо органдарына ишти адилеттүү иликтейт деп ишенебиз", - деген ал.

Завкибек Саидамининин жана дагы бир кармалган журналисттин жакындары Дүйшөмбүдөгү тергөө абагына тамак-аш киргизип жатышканын айтышкан. Атын атагысы келбеген туугандардын бири Саидаминдин жактоочусу жок экенин жана анын өзүн 20 күндөн бери көрө электигин, анын абалы кандай экени тууралуу маалыматтары дагы жок экенин билдирген.

Вахдат шаарынын милициясы аты аталган эки журналистти 8-9-июль күндөрү кармап кеткен. Бийлик Саидаминини өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен "24 тобу" менен кызматташууга айыптап жатат. Ал эми Пирмухаммадзода экстремизмге шектелүүдө.

Эки журналисттин тең туугандары коюлган айыптар ойдон чыгарылганын айтышууда. Экөө тең социалдык тармактарда курч маселелер боюнча өздөрүнүн пикирин билдирип келишкен. Алардын кармалышы укук коргоо уюмдарынын сынына кабылды, бирок бийлик өз оюнан кайтпай келатат.

Соңку үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. Бир нече журналист аларга карата басым жасалып, телефон, ноутбуктарын алып кетип, өздөрүнө эскертүү берилгенин билдирип жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Тажикстандын бийлигине кайрылып, журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG