Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

ККМ колдонгондор көбөйүп, салык 26 миллиард сомго көп чогулду


ККМ аппараты. Иллюстрациялык сүрөт.
ККМ аппараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонгон ишкерлер соңку бир жылда дээрлик 2,5 эсе көбөйдү. Бүгүн 29-июлда "Азаттык" радиосуна Салык кызматынын басма сөз өкүлү Эркин Сазыков билдиргендей, учурда ККМ колдонгон субъекттердин саны 50 миңден ашты:

"Азыр 52 миңден ашык ККМ колдонулуп жатат. Бизде былтыр сентябрда болгону 21 миң аппарат колдонулуп жаткан болчу. Мунун натыйжасында салык чогултуу дагы көбөйдү. Беш айдын жыйынтыгын ала турган болсок, 73,6 миллиард сом чогулттук, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 26 миллиард сомго көп дегенди билдирет".

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъекттери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап быйыл 1-августтан тартып коюла баштайт. Өкмөттүн соода жайларында ККМ киргизүү аракети ишкерлердин каршылыгын жаратып, жер-жерлерде нааразылык акциялары өткөн. 28-июлда президент Садыр Жапаров чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыкка кол коюп, өкмөткө ККМ боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG