Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

Мигранттарды Украинадагы согушка тарткан тузак


Орусияда ыктыярчыларды Украинадагы согушка азгырган жарыялар мигранттар арасында да тарап жатат. Көп суммадагы айлык сунуштагандар жумуш издегендерге согуш талаасына бара турганын дароо айтпайт. Биринчи тамырын тартып көрүп, андан кийин гана чоо-жайын түшүндүрөт.

Диаспоралардын айрым өкүлдөрү мигранттарды этият болууга чакырууда. Бир нече күн мурда Өзбекстандын бийлиги да өз жарандарын Орусияда жумуш тандоодо сак болууга үндөгөн.

Талгаттын окуясы

Кыргызстандык Талгат (аты коопсуздук үчүн өзгөртүлдү) Москвада 2021-жылдан бери тейлөө тармагында эмгектенип жүрөт. Акыркы эки жумада жумуш издеп жатып, Instagram түйүнүндөгү баракчадан күзөтчүлөргө иш бар экени, көп маяна төлөнө турганы жазылган жарыяга көзү түшкөн. Ал көрсөтүлгөн номурларга жазгандан кийин Украинадагы согушка чакырган жарыялар экенин түшүнгөн.

“Instagram баракчадан “вахта ыкмасы менен иштегенге кароолчу керек, айлыгы 100-120 миң рубль” деген жарыяны көрүп калдым. Анда “30 күн иштеп, 30 күн эс алат” деп жазылыптыр. Мен жазсам, жумуш Москвада эмес, башка облуста экен. Жарыяда “жатакана, тамак-аш акысыз болот” деп да турат. Мен аларга жумуш боюнча жазсам “эч кандай кароолчулук жумуш эмес, биз НАТОго кирбеген өлкөлөрдүн жарандарын согушка жөнөтүп жатабыз” деди. Алар менден аскердик билимим тууралуу да сураган жок. Мен дароо эле күмөн санап кайра жооп берген жокмун. Негизи 24 жаштан 50 жашка чейинкилерди алат экен”.

Талгаттын көңүлүн бурган жарыя Кыргызстандын аудиториясына багытталган Instagram аккаунтка чыккан. Бул сыяктуу жарнамалар WhatsApp cыяктуу башка платформалардагы кыргызстандык мигранттардын башын бириктирген тайпаларга да тараган.

“Ушуга окшогон жана баңгизат ташууга курьер керек деген жарнамалар Telegram каналдарда аябай көбөйүп кетти. Жарыяда согушка алып кетүү боюнча эч нерсе жазышпайт. Бирок байланышка чыксаң, согуш тууралуу сөз кылат”, - деди Талгат.

Ал айтып жаткан кулактандыруу Кыргызстанда катталган Instagram баракчаларында жарыяланып, кийин өчүрүлгөн. Жакында эле “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык жеке менчик аскердик компаниялар тууралуу жазган.

Анда айтылгандай, Instagram түйүнүнүн кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы төлөнөрү, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышканда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунуш кылышкан.

“Мигранттарды акча менен азгырат”

Орусияда мигранттарга укуктук көмөк көрсөткөн активист Гүлиза Акматсияева Орусия менен Украинанын чек арасына жакын аймактарга да жумушка чакырган шектүү жарнамалар чыгып жатканын айтып, кыргызстандыктарды сак болууга үндөдү.

Гүлиза Акматсияева.
Гүлиза Акматсияева.

“Орусиянын жарандыгын алып, бирок катталган аймагында жашабаган кыргызстандык көп да. Аларга почта аркылуу “аскердик каттоого келгиле” деген каттар келген учурлар бар. Андан тышкары мигранттарды “мектеп жана бала бакчаларды оңдош керек” деп жумушка чакырган жарнамалар болууда. Мектеп, бала бакча оңдоп иштегендерге күнүнө 10 миң рублге чейин акча төлөйт деп атышат. Мындай жумуш үчүн анчалык көп айлык берилбейт да негизи. Мигранттар Орусияга эмне болсо да акча табыш керек деп келет. Аларга маяна күн сайын төлөнөт десе макул болот да”.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык мигрант иштейт. Алардын ичинен орус паспортун алгандардын саны жарым миллионго чукул экени айтылып жүрөт.

Москва Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга катаал санкцияларды киргизген. Согуш башталгандан бери жүздөгөн белгилүү чет өлкөлүк компаниялар Орусиядан чыгып кеткен. Мындай өзгөрүүлөр Орусияда жумушсуздардын санын көбөйтпөйбү деген талкууларга себеп болгон.

Азырынча санкциялар жана орус экономикасындагы өзгөрүүлөр мигранттарга кандай таасирин тийгизип жатканын көрсөткөн так сандар жок. Украинадагы согушка азгырган жарыялар эмгек мигранттарынын арасында канчалык кызыгуу жаратып жатканы да белгисиз.

Ошентсе да Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” коомунун жетекчиси Аниса Жээнбекова мигранттар мындай жарыяларга алданып калышы мүмкүн деп чочулап жатат.

Аниса Жээнбекова.
Аниса Жээнбекова.

“Ушуга окшогон шектүү жарнамаларга мигранттар тез эле ишенип, оңой алданат. Анткени материалдык жактан кыйналып, жарга такалып турган учурда бардык нерсеге даяр болуп макул болушу мүмкүн. Себеби, алардын алдында материалдык гана маселесин чечүү керек деген максат туруп калат. Мен муну өзүмдүн ишимден эле билем. Мен жетектеген “Кыргыз биримдиги” деген коомго дагы 52 майда коомдор бириккен. Юристтер мигранттарга да жардам беребиз. Биз күн сайын акчага алданбагыла деп эскерткенибиз менен күн сайын баңгизатты курьер болуп ташып кармалып калгандар кайрылат. Азыр анан согушка чакырган жарнамаларга да кетип калбайт деп кепилдик бере албайм”, - деди Жээнбекова.

Кыргызстандын мыйзамдары кыргыз жарандарынын башка мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышууга тыюу салат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси менен (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Коңшу өлкөнүн коңгуроосу

Бир нече күн мурда Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги да жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды.

“Айрым маалымат каналдары Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандарын Орусияда жакшы маянага ишке чакырган жарыяларды таратып жатышат. Ошол жарыялар жарандарды Орусия менен Украинанын ортосунда жүрүп жаткан жаңжал зонасына тартууну көздөйт. Буга байланыштуу мекендештерди чет өлкөлөрдө жумуш сунуш кылган расмий эмес жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Агенттик ошондой эле өзбек мыйзамдары башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согушка катышууга тыюу саларын, андай аракеттер үчүн эркинен ажыратуу каралганын эске салды. Бул өлкөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен айып тагылат.

Жазадан кутулуу үчүн адатта жалданма аскерлер башка бир мамлекеттин жарандыгын алып, баштапкы тек-жайын өзгөртүүгө барган учурлар дүйнөлүк тажрыйбада көп кездешкенин талдоочулар айтышат.

Орусиядагы мигранттар соңку күндөрү өлкөдө мигранттарды текшерүү күчөгөнүн айтышууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да бул өлкөнүн укук коргоо органдары текшерүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын эскертти. Дипломатиялык мекеме кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоого жана ал өлкөдө жүрүү укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүгө чакырды.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Орусияда Борбор Азиядан барган төрт миллиондой мигрант иштейт. Алардын бир миллиону Тажикстандан, дагы бир миллиону Кыргызстандан, эки миллионго жакыны Өзбекстандан жана 200 миңи Казакстандан баргандар деп эсептелген.

“Ыктыярдуу батальондор”

Буга чейин эл аралык медиада Орусияда Украинадагы согушка катышуу үчүн иш жүзүндө жалданмалардан турган “Ыктыярдуу батальондор” түзүлө баштаганы тууралуу маалыматтар чыккан.

“Настоящее время” телеканалы “ыктыярдуу” деп аталган батальондорго жашыруун мобилизация Орусиянын ондогон аймактарында жүрүп жатканын билдирди. Канал социалдык тармактарда, автобустарда кулактандыруулар жарыяланып, жергиликтүү телеканалдардан эр жүрөк “ыктыярчылар” тууралуу сюжеттер көрсөтүлүп жатканын жарыялады.

Ыктыярчылар үчүн телефон номурлары “Россия 1” телеканалында эл көп көргөн убакытта Кремлдин негизги пропагандачысы Дмитрий Киселевдун программасынан көрсөтүлөт.

Мобилизациянын жарнамасында да башта сөз болгондой эле айына 200 миңден 500 миң рублге чейин айлык сунушталат. “Ыктыярчылар” чын-чынына келгенде контракт менен барган жоокерлер болуп калышат. Алардын бири Украинадагы согушка барууга макул болгонунун себептерин мындай түшүндүрдү.

“Мен мекенди коргоого даярмын. Экинчиден, жаштарга ичим ачышат. Ошондон улам тажрыйбалуу адамдар контракттык негизде келишсе жакшы болмок. Каражат да зарыл болуп турат. Үй-бүлөгө, туугандарга жардам бериш керек”.

Расмий эсеп боюнча, Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери орус армиясынын катарында согушкан Кыргызстандын эки жараны согушта каза болгону ырасталды. Алар:

  • Аманбек Курбанбаев - милициянын отставкадагы майору, 23-майда Донбасста жарадар болуп, ооруканага түшкөн. 8-июнда алган жараатынан улам көз жумган. Сөөгү 13-июнда кичи мекени Аксы районунун Авлетим айылына коюлган. Ал 1972-жылы 1-августта Авлетим айылында туулган. Ички иштер министрлигинин Атайын ыкчам аракет отрядында (СОБР) кызмат өтөгөн. Баткенге 2006-жылы кирип келген куралчан топту жок кылуу операциясына катышкан.
  • Руслан Полотов – Мурдагы аскер кызматкери. 2003-2008-жылдары Москвадагы жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөн. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы атайын багыттагы аскер бөлүгүндө 2002-2003-жылдары кызмат өтөгөн. 2008-2010-жылдары ушул бөлүктүн командири болгон. Луганск облусундагы Рубежное шаарында каза болгон 38 жаштагы Русландын сөөгү Таластын Үч-Коргон айылында 3-июнда жерге берилген.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исломжан Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев, Мирлан Тохтакунов аттуу кыргызстандыктар согушта каза болгону кабарланган.

Орусия Украинада миңдеген аскеринен айрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:16 0:00

XS
SM
MD
LG