Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

ККМ айыппулун жана бирдиктүү салыкты төмөндөтүү тууралуу жарлык чыкты


ККМ аппараты. Иллюстрациялык сүрөт.
ККМ аппараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыкка кол коюп, өкмөткө көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ) боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы бүгүн 28-июлда билдирди.

Министрлер кабинетине тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди. Ал эми Улуттук банкка коммерциялык банктардын көзөмөл-кассалык функциясы бар POS-терминалдарды милдеттүү түрдө колдонуусун камсыздоо талабы коюлду.

Өкмөттүн соода жайларында ККМ киргизүү аракети ишкерлердин каршылыгын жаратууда. Буга байланыштуу нааразылык акциялары Бишкекте жана аймактарда бир нече жолу уюштурган. (RK)

XS
SM
MD
LG