Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Иранда рекламада аялдарды көргөзүүгө тыюу салынды


Милдеттүү паранжыга каршы постер
Милдеттүү паранжыга каршы постер

Ирандын Маданият жана шарият миниcтрлиги «Паранжы жана пакизалык» мыйзамынын алкагында аялдарга эми жарнамаларга тартылууга тыюу салынганын эскертти.

Дем алышта «Домино» деген балмуздактын рекламасында актриса калың свитердин үстүнөн кабат-кабат кийим кийип, аягында парка жана кышкы шапкачан бараткан кадрдан кийин өкмөт жарнама агенттиктерине тиешелүү көрсөтмө таратты.

Министрлик ал жарнаманы «кылмыш» деп атап, аял актрисанын көргөзүлүшүн "адеп-ахлакка сыйбаган жүрүм-турумду жаюу" катары сыпаттады.

Президент Эбрахим Раисинин 5-июлдагы буйругу менен паранжы тууралуу мыйзам катаалдаштырылып, кыз-келиндердин кийимине жаңы чектөөлөр киргизилген. Адеп-ахлак полициясы барган сайын активдүү болууда. Социалдык тармактардагы видеолордон алар аялдарды кармап, машинелерге салып алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Мыйзамга баш ийбеген кыз-келиндер мамлекеттик ишкана, банктарга, коомдук транспортко кире алышпайт.

Активисттер нааразылык иретинде #no2hijab деген хэштег менен онлайн өнөктүк башташты.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда аялдар жана тогуз жаштан чоң кыздар коомдук жайларда паранжы кийүүгө милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG