Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Гүлнара Каримовага 303 миллион доллар кайтарылышы мүмкүн


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Швейцариянын Федералдык сотунун апелляциялык палатасы Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы, коррупцияга айыпталган Гүлнара Каримованын доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Bloomberg Law жазганына караганда, бул чечим ага 293 миллион франк (303 миллион доллар) кайтарып алууга көмөктөшмөкчү.

2012-жылдан бери Швейцариянын прокуратурасы Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген. Каримова коррупциялык схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан өзбек рыногуна чыгуу үчүн 865 миллион доллар алган жана адалдаган деп шектелүүдө.

2020-жылы Өзбекстан менен Швейцария конфискацияланган ошол каражатты кайтаруу жөнүндө макулдашканы кабарланган.

Bloomberg Law жазгандай, биринчи инстанциядагы сот экс-президенттин кызы иш жүзүндө мамлекеттик аткаминерге тете макамга жана чоң таасирге ээ болчу деген көз карашты карманган. Апелляциялык палата “мамлекеттик кызматкердин ролунун мындай кеңири чечмелөөсү кабыл алынгыс” деп чечти. Ошондой эле Каримованын акчасынын конфискациясы күнөөсүздүк презумпциясын бузуу менен жүргөнү аныкталган.

Маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара 2015-жылы беш жылга эркинен ажыратылган, 2019-жылы колонияга которулган. 2020-жылдын мартында ал “мамлекеттик каражатты кымырып алуу, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алуу фактылары” боюнча дагы 13 жыл 4 айга кесилген.

Жыл башында укук коргоочулар анын каражаттарын кайтаруу жараяны ачык жүрбөгөнүн билдиришкен. Алар ошондой эле акыркы жылдары мамлекеттик түзүмдөрдө непотизм, негизги структураларга саясий кийлигишүү, паракорлук үчүн жазасыз калтыруу көрүнүштөрү көбөйгөнүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG