Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:39

Тажикстандын калкы 10 миллионго жетти


Тажикстандын 10 миллионунчу тургуну энеси менен, Дүйшөмбү. 23-июль, 2022-жыл.
Тажикстандын 10 миллионунчу тургуну энеси менен, Дүйшөмбү. 23-июль, 2022-жыл.

Тажикстандын калкы 10 миллион кишиге жетти. "Ховар" улуттук маалымат агенттиги кабарлагандай, Фирдавс деген ымыркай 23-июлда Дүйшөмбүдөгү төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди. Дарыгерлер бала менен эненин саламаттыгы жакшы деп маалымдашты.

Ымыркайдын атасы – эмгек мигранты, энеси – үй кожойкеси. Мамлекет үй-бүлөгө борбор шаардан үч бөлмө батир берди.

Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөнүн калкынын 50,7 пайызы эркектер, 49,3 пайызы аялдар.

15-июлда Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён быйыл биринчи жарым жылда 111,5 бала төрөлгөнүн, былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө караганда бул 6% көп экенин билдирген.

Тажикстанда 2020-жылы өткөн эл каттоонун жыйынтыгында калктын саны 9 миллион 661 миң кишини түзөөрү маалымдалган.

Тажикстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен калктын өсүшү жагынан биринчи орунда турат. Борбор Азияда калкынын саны боюнча үчүнчү өлкө.

Божомолдорго ылайык, 2030-жылга карай калктын саны 11 миллионго жетиши ыктымал.

Бийлик 2000-жылдардан бери "үй-бүлөнү пландоого" үгүттөп келет.

XS
SM
MD
LG