Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Сабалып жаткан видеосу интернетке тараган жоокер сынактан өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сабалып жаткан видеосу интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан жоокер сынактан өтүп, жашыл берет алганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн 25-июлда "Азаттык" радиосуна Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди:

"Ал жигиттин өзү менен жолугуп, сүйлөштүм. Берет алыш үчүн алар сынактан өтөт да. Ошол сынактан өтүп, берет алган экен. Кызматын, командирлерин ыраазычылык менен айтууда".

Быйыл май айынын ортосунда интернетке жарыяланган тасмадан камуфляж кийген бир адам экинчисин ал бир канча жолу теңселип жыгылып калганына, туруштук бере албай жатканына карабай башка-көзгө, бөйрөк тушка аёосуз соккулап, ичине, бутуна тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Аларды ондогон адам тегерете курчап турганы, "Исман чыдап кой, тур, бетти тос, карма!” деп кыйкырып, кубаттап-коштогону тартылган.

Коргоо министрлиги "Илбирс" атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери тартылган бул видеого түшүндүрмө берип, окуяны жоокерлерди кабыл алуудагы "экзамен" деп атаган.

"Видеодо келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр тартылган. Алар мындай сынакка өз эрки менен катышат. Мындай иш-чара күжүрмөн даярдыктын алкагында жылына өткөрүлөт. Ага Жалал-Абад горнизонундагы 40 аскер кызматкери катышкан. Финалга 15 гана адам өттү",-деп билдирген Коргоо министрлиги.

2007-жылы Коргоо министрлигине караштуу Түштүк-батыш аскер бөлүгүнүн алкагында атайын багыттагы бригада түзүлгөн жана ага 2010-жылы "Илбирс" деген ат ыйгарылган. Учурда бул бөлүк келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлерден куралган жана алар адатта илбирстин элеси түшүрүлгөн жашыл берет кийип жүрүшөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG