Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:21

Милиция ата-энелерге эс алуу маалында балдарын кароосуз калтырбоону эскертти


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

24-июлда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө саат 15.00дөн 17.00гө чейинки аралыкта райондун аймагындагы үч эс алуу жайынан билдирүү түшкөн. Анда ата-энелер кароосуз калтыргандыктан балдарын жоготуп алышканын билдиришкен.

Жоголгон балдар 5-8 жаштарда. Милиция кызматкерлеринин жардамы менен балдар көл жээгинен табылып, ата-энелерине берилди.

Милиция кызматкерлери ата-энелерге бала коркунучту өз алдынча баалай албагандыктан, аларды көлдүн жээгинде, авто жолдордо, эл көп чогулган коомдук жайларда жана башка ушул сыяктуу жерлерде жалгыз калтырбоону эскертти.

Ошону менен бирге балдарга оор кырдаалда, же болбосо жоголуп кеткен учурда чоңдордон жардам сурап кайрылуу үчүн өз атын, фамилиясын, жашын, жашаган үйүнүн дарегин айтууга үйрөтүү зарылдыгы белгиленет.

Аны менен катар эс алуу учурунда балдарга көчөдө, коомдук жайларда, жолдо, көлдө, токойдо жана ушул сыяктуу жерлерде өзүн коопсуз алып жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүү керектиги баланын коопсуздугунун бирден-бир кепилдиги экени айтылат.

Жыл башынан бери балдардын катышуусу менен катталган кырсыктар азая элек. Өткөн аптада 4 жаштагы кыз Ысык-Көлдүн Тоң районунда жээкте апасынын жанында туруп сууга чөгүп кеткен, ал табыла элек. Ал эми Камбар-Ата кичи шаарынын тургуну - 10 жаштагы А.Б. аттуу бала 24-июлда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн жеринен Токтогул районунун аймагында Чычкан суусунан бир чакырым жогору жактагы Данги суусуна түшүп кетип каза тапты.

XS
SM
MD
LG