Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Министрлик өрүктүн баасына байланыштуу түшүндүрмө берди


Ысык-Көлдө талаага төгүлгөн өрүк. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.
Ысык-Көлдө талаага төгүлгөн өрүк. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда өрүктүн баасы арзан болуп жатышынын бир нече себеби бар экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Борбор Азияда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан элди өрүк менен камсыздап келген.

Акыркы жылдары Казакстанда да өрүк бактары отургузула баштады. Быйыл Борбор Азиядан сырткары Орусия жана Арменияда дагы өрүктүн түшүмү мол болгондуктан баа төмөндөп кетти.

Министрлик баанын төмөндөшүнө чөлкөмдө кумшекердин кымбаттап кеткени да себеп болду деп эсептейт. Өрүк негизинен консервация даярдоо жана өндүрүү үчүн колдонулат.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасынан товарлардын жай өтүшү да баага таасирин тийгизип жатат.

Июль айы ортолоп Ысык-Көлдө өрүк бышкан мезгилде Орусия менен Казакстанга жүк ташыган автоунаалардын тартыштыгы жаралды. Баасы да жылдагыдан эки эсе арзандап кетти.

Мындан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары өрүгүн сата албай жатат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, былтыр анын килограммы 75-80 сомдон башталган. Быйыл 30-35 сом болуп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG