Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Москва соту украин журналисти Гордонду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды


Дмитрий Гордон.
Дмитрий Гордон.

Москванын Басманный райондук соту украиналык журналист Дмитрий Гордонду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдараак Орусиянын Ички иштер министрлиги ага федералдык издөө жарыялаган.

Орусиянын Тергөө комитети мартта Гордонго каршы үч берене менен кылмыш ишин козгогон. Ага "согушту тутантууга чакырык жасаган", "улуттук белгилерине карата кастыкты козуткан" жана "орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды тараткан" деген айыптар тагылган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Гордон Орусиянын карапайым адамдарды бомбалоосу жана артиллериялык аткылоосу тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан. Апрелде Гордон Росфинмониторинг мекемесинин “террорчу жана экстремисттердин” реестрине киргизилди.

“Мен үчүн Орусияда кылмыш ишинин козголушу чоң сыймык жана чоң урмат-сый. Демек, мен өзүмдүн жарандык жана адамдык милдетимди туура аткарып жатам”, - деп билдирди Дмитрий Гордон.

Ал - украиналык журналист, “Дмитрий Гордондо конокто” деп аталган программанын алып баруучусу, “Гордон” эл аралык интернет басылмасынын башкы редактору. Саясат, маданият жана спорттун өкүлдөрү менен болгон көптөгөн маектердин автору. (ErN)

XS
SM
MD
LG