Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:52

Тажикстан Ооганстандан келаткан Куран китептерин артка кайтарды


Ислам дининин ыйык китеби болуп саналган Куран. Иллюстрациялык сүрөт.
Ислам дининин ыйык китеби болуп саналган Куран. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Хатлон облусунун бажы органдары Ооганстандан кирген Куран китебинин миңдеген нускасын артка кайтарды. Китептерди жыл башында ооган ишкери алып келаткан жерден өткөрмө бекеттен алынып, коопсуздук маселелерине байланыштуу Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетине текшерүүгө жиберилген эле.

Бажы кызматыны Хатлон облустук башкармалыгынын кызматкери Сухроб Зокиров атайын басма сөз жыйынында китептер комитет менен макулдашылбай туруп кайрадан Ооганстанга жөнөтүлгөнүн тактады.

Куран китебинин миңдеген нускасы чек ара бекетинен алынганы быйыл февралда маалым болгон. Бажы кызматы анда канча анын санын так айтпай, жалпылаштырып келтирген. “Азаттыктын” тажик кызматынын булактары Курандын бир нускасы 2,5 килограммдан экенин билдиришкен. Куран араб тилинен башка көптөгөн тилдерге которулганы белгилүү болгон.

Хатлон облусунун бажы органдары 2021-жылы Ооганстандан келген Куран китебинин 27 миң нускасы кайра артка кайтарылганын кабарлады.

Тажикстандын бийлиги бир нече жыл мурда өлкөгө күмөндүү диний адабияттарды ташып келүүгөө тыюу салган жана буга байланыштуу бир катар чечимдерди кабыл алган. 2017-жылы Тажикстандын Маданият министрлиги өлкөгө китептерди ташып келүү жана ташып чыгуу атайын уруксатсыз тыюу салынганын жарыялаган.

Дин иштери боюнча комитет жана Ички иштер министрлиги өлкөгө ташып келүүгө тыюу салынган китептердин тизмесин түзгөн. Мындан чечим социалдык тармактарда жана укук коргоочу өкмөттүк уюмдардын арасында сын-пикирлерди жараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG