Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлеринин жыйыны башталды


Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын саммити башталды. 21-июль. 2022
Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын саммити башталды. 21-июль. 2022

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери Кыргызстанга 20-июлда келген. Калган эки президентти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан бүгүн, 21-июлда тосуп алды.

Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Бул аймактагы үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялар, Түркмөнстандагы бийлик транзити жана Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки алгачкы кеңешме.

Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен көзмө көз жолугушары да айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG