Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:03

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

12:34 21.7.2022

Садыр Жапаров: Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында боордош өлкөлөрдүн лидерлери менен кереметтүү Ысык-Көл көлүбүздүн жээгинде жүз көрүшүп жатканыбызга терең кубанычтабыз.

12:35 21.7.2022

Садыр Жапаров: Ооганстандагы бийликтеги өзгөрүүлөргө ылайык Ооганстанда тынчтык болушу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүшүбүз зарыл деп эсептейм.

Биз Ооганстандын бийлиги менен мамилебиз үзүлгөн жок, элчилигибиз иштеп жатат. Өткөн жылы Кабулга гуманитардык жардам жибердик.

12:40 21.7.2022

Садыр Жапаров: Суу ресурстары климатка байланыштуу азайып, Борбор Азияны тейлөөгө жетпей баратат. Кыргызстан кетирген чыгымдарына жараша адекваттуу кайтарымын ала албай келатат.

Быйыл жаздагы Борбор Азиядагы энергетика системасындагы кырсык бул жаатта маселелер бар экенин көргөздү.

12:45 21.7.2022

Садыр Жапаров: Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан жыйында туризм тууралуу айтпай кое албайм. Жалпы туристтик көргөзмөлөрдү жана ар бир мамлекет боюнча туристтик маалыматтарды жайылтып турууну сунуштайм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG