Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

10:21 21.7.2022

Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга кечээ, 20-июлда келген. Жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун да келери күтүлүп жатат.

10:31 21.7.2022

Чолпон-Ата шаарында 21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмесине катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин бийликке келген. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.

11:04 21.7.2022

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

11:36 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Борбор Азия мамлекеттеринин кеңешмесине Орусия менен Кытай байкоочу катары катышса болот деп эсептейм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG