Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Ташиев оппозициянын Таластагы жыйыны тууралуу пикирин айтты


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда "Саясат" маалымат каражатына маек берип, анда "Бириккен демократиялык кыймылдын" Таластагы жыйынына байланыштуу пикирин билдирди.

“Күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген дежур сөз. Кресло жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөө жазда, бирөө 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн - кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз", - деген Ташиев акыркы шайлоолор таза өткөнүн, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки баласы тең депутат болуп шайланганын кошумчалаган.

Мындан тышкары ал Канат Исаев "оппозициянын лидери болуш үчүн бышып жетиле элек" деп билдирген.

"Бириккен демократиялык кыймыл" өткөн аптанын аягында 16-17-июлда Талас облусунда жыйналып, Апрель баатырларына куран окутуп, эл менен жолукканын билдирген. Ага Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Канат Исаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Рыскелди Момбеков баштаган бир катар саясатчылар катышкан.

Кыймыл быйыл март айында түзүлгөн. Уюм демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейин сөз болуп жаткан кыймылды оппозициялык деп атоого болбой турганын айткан.

Аталган кыймыл Ташиевдин акыркы билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. (KO)

XS
SM
MD
LG