Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Испания менен Португалияда аптаптан 700дөн ашык адам каза тапты


Испаниядагы өрт
Испаниядагы өрт

Европаны кайрадан аптаптын жаңы толкуну каптады. Бир нече өлкөдө күндүн табы кескин көтөрүлүп, жүздөгөн гектар аянт токой жана эгин талаалары өрттөндү. Ысыктан улам ондогон адамдар жана жүздөгөн мал-жандыктар өлүп, миңдеген адам үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Окумуштуулар ысыктын аномалдык толкундарын глобалдык климаттын жылышы менен түшүндүрүп жатышат. Испаниянын премьер-министри Педро Санчес да өлкөнүн жабыркаган аймактарын кыдырып жүрүп, кырдаалды климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштырды.

“Бизди климаттын өзгөрүшү өлтүрүп жатат. Ал адамдарды, экосистемаларды жана биокөптүрдүүлүктү өлтүрүүдө. Ал биздин коомго кымбат болгон нерселерди – үйлөрүбүздү, бизнестерибизди жана мал-жандыктарыбызды жок кылууда”, - деди Санчес.

Испанияда канча күндөн бери абанын температурасы 40 градустан өйдө болуп жатат. Өлкөдө токойлордо отуздан ашык жерде өрт чыгып, 30 миң гектар аянт күйдү. Өрттөн улам миңдеген адам эвакуацияланды. Коңшу Португалияда да узаган аптада абанын табы 47 градуска чейин жетти, 12 миң гектардай талаа күйдү. Күн сууктагандан улам өлкө түндүгүндө өрттөрдү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Испания менен Португалияда жалпы өрттөн жана аптаптан улам 700дөн ашык киши каза болду.

Францияда температуралык рекорддор ондогон шаарларда катталды, ысык шамал түштүк-батыш жактагы өрттөрдү өчүрүүгө кедергисин тийгизүүдө. Бул өлкөдө жалпы 32 миң гектардай өсүмдүк аянттары күйүп кетти. Тилсиз жоодон улам миңдеген жашоочулар жер которууга аргасыз болду.

Улуу Британияда шейшемби күнү температура 41°C болуп кармалып жатат. Бул өлкөдө аптаптан улам учактардын учуп-конуучу жолчолору бузулуп, темир жолдор огунан жылып кетиши мүмкүндүгү айтылды. Ирландияда температура 1887-жылдан берки рекордду ашып өтүп, 33 градуска чейин жетти. Абанын адаттан тыш ысышы Нидерланд менен Бельгияда да болору деп болжолдонуп жатат.

Климатологдор ысыктын күчөшү жана уланып жатышын климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштырып жатышат. Окумуштуулар климаттын ысышынан улам аба ырайы экстремалдуу болорун, ал эми токойдогу өрттөр кыйратуучу күчкө ээ болорун эскертүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG