Сребреницадагы геноцидде каза тапкан дагы 50 маркумдун сөөгү 11-июлда жерге берилди. Бул күндөрү Босния-Герцеговинада мусулмандар кабылган кыргындын 27 жылдыгы белгиленип жатат. 1995-жылдын июль айында босниялык сербдер 8 миңден көп мусулман эркектер менен өспүрүмдөрдү атып өлтүргөн.