Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Байден космостун НАСА тарткан алгачкы түстүү сүрөтүн көрсөттү


АКШнын NASA агенттиги "Жеймс Уэбб" космостук телескобу тарткан ааламдын алгачкы түстүү сүрөтүн жарыялады. Уникалдуу кадрды Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жана NASA агенттигинин администратору Билл Нельсон Ак үйдөн жасалган түз эфирде дүйнөгө көрсөтүштү.

Толук түстүү биринчи сүрөт миңдеген галактикаларды, анын ичинде буга чейин инфракызыл диапазондо гана тартылып келген күңүрт объектилерди да тунук көрсөтөт. Кадр жогорку сапатта жана андагы ар бир чекит даана көрүнөт. “Бул чоң ааламдын өтө кичинекей бир гана кесими”,-деди презентацияда Билл Нельсон.

Президент Жо Байден сунуштаган кадр телескоп тарткан көптөгөн фотографиялардын бири гана. Калгандары эми жарыяланат.

"Жеймс Уэбб" (James Webb) космостук телескобу космоско 2021-жылдын декабрында учурулган. Бул NASA менен Европа жана Канада космостук агенттиктеринин биргелешкен долбоору. "Жеймс Уэбб" – астрономиянын тарыхындагы эң дымактуу долбоорлордун бири болуп саналат жана аппарат 10 млрд. долларга курулган. Иш жүзүндө ал 25 жыл жасалган, 10 жылга чейин жарактуу деп айтылган.

XS
SM
MD
LG