Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Украин армиясы Херсондогу орус курал-жарак кампаларына сокку урду


Новая Каховка шаарындагы 11-июлдун кечиндеги жарылуу.
Новая Каховка шаарындагы 11-июлдун кечиндеги жарылуу.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусия басып алган Херсон облусундагы Новая Каховка шаарындагы курал-жарак кампаларына сокку урду. Бул тууралуу маалыматты украин бийлиги жана облустагы орус тарап дайындаган администрация кабарлады.

Украинанын Коргоо министрлиги Новая Каховкадагы жана башка шаарлардагы аскердик объектилерге жана курал-жарак кампаларга ракеталык-артиллериялык сокку урулганын, натыйжада орус тарап чоң запасын жоготконун билдирди.

Кахов районунун орусиячыл жетекчиси Владимир Леонтьев ТАСС агенттигине билдиргендей, Новая Каховкадагы чабуулдан жети адам каза болуп, 60ка жакын киши жаракат алды. Урандыларды тазалоо иштери уланууда. Ал дүрмөттөр HIMARS системасынан атылган деп эсептейт.

Социалдык түйүндөрдө соккулар тийген учурдагы чоң жарылуулардын видеолору тарап жатат.

Херсон облусундагы райондук борбор болуп саналган Новая Каховка шаары Орусия басып кирген биринчи күнү – 24-февралда эле Москванын көзөмөлүнө өткөн. Орус тарап аталган облустун көпчүлүк бөлүгүн ээлеп турат.

Украин тараптын алыска жасаган соккулары АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Киевге келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системалары 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Ушу кезге чейин Украинага аталган техникадан сегиз даана келип түшкөн, Вашингтон дагы төртөөнү жөнөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG