Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:05

Шри-Ланканын президенти газды шашылыш берүүнү буйруду


Шри-Ланканын президенттик резиденциясын басып алган демонстранттар. 9-июль, 2022-жыл.
Шри-Ланканын президенттик резиденциясын басып алган демонстранттар. 9-июль, 2022-жыл.

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса аралда газды ыкчамдатылган шартта берүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул нааразылыкка чыккандар мамлекет башчынын резиденциясын ээлеп алгандан кийин жарыяланган биринчи документ экенин Newswire басылмасы жазды.

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана ал аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени кабарланган эле.

Андан соң парламенттин жетекчилиги жана чоң партиялардын лидерлери чукул жыйынга чогулуп, өлкөдө жаралган кырдаалда президенттин отставкага кетишин талап кылышкан. Президент Ражапакса бул сунушту кабыл алып, 13-июлда кызматын тапшырып берүүгө макул болгон. Ага чейин президенттин отставкасын кабыл алуу боюнча даярдык иштери жүрөт. Мунун фонунда бир нече министр да кызматтан кетерин жар салды.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Өлкө башка жактан сатып алчу газ үчүн да төлөм бере албай калган, натыйжада элге көгүлтүр отун жетпей калган. Башка энергоресурстардын тартыштыгы да жаралган.

Бийлик бул үчүн коронавирус пандемиясын айыптап, өлкөгө туристтер мурдагыдай көп барбай калганын, ошондуктан киреше азайып кеткенин жүйө келтирүүдө.

Шри-Ланка Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG