Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

Нарын: ок атуу боюнча эки киши камалды


Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атуу боюнча үч адамдын бөгөт чарасы аныкталды. Нарын шаардык соту окуяга байланыштуу бир адам эки айга, экинчиси бир айга тергөө абагына камакка алынды.

Үчүнчү шектүү үй камагына чыкты. Сот камалган адамдардын аты-жөнүн ачык кабарлаган жок. Бирок "Азаттыктын" булактары кармалгандар чатакташкан тараптардын бири, жергиликтүү тургундарга ок атты деп шектелип жаткан Кыдырмышовдордун үй-бүлө мүчөлөрү экенин билдиришти.

Нарындын Хутор-Ак-Талаа айылында 7-июлда кечинде ок атылып, алты адамдын жараат алганы кабарланган. Жергиликтүүлөр чатак жер талаштын айынан чыкканын айтышкан.

Нарын облустук милициясынын маалыматы боюнча, айылдын 30-40ка чукул тургуну Бакыт Кыдырмышов аттуу адамдын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинесин өрттөп жаткан учурда үйүндө сакталып турган куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарганын кабарлаган. Бирок ок жегендердин жакындары бул маалыматты четке кагып, окуянын чыгышына Кыдырмышовдорду күнөөлөп жатышат.

Учурда дарыгерлер ок тийген алты адамдын үчөөнүн абалын оор деп баалап жатат.(BkA/MiK)

XS
SM
MD
LG