Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Мирзиёев Каракалпакстандагы окуялардан кийин администрация башчысын иштен алды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана президенттик администрациянын башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов (ортодо)
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана президенттик администрациянын башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов (ортодо)

Каракалпакстандагы элдик тополоңдон кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысы кызматтан алынды. Расмий маалыматка ылайык, Зайнолибиддин Низомиддинов иштен «саламаттыгына байланыштуу» кетти.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги булактарына таянып, Низомидинов баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү сунуштоодо маанилүү роль ойногонун жазды. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Мына ушул өзгөртүүлөргө байланыштуу Каракалпакстан автономдуу республикасында тутанган башаламандык 18 адамдын өмүрүн алды. Жүздөгөн адамдар жараат алып, беш жүздөн көбү камалды. Укук коргоочулар жана бозгундагы оппозиция өкүлдөрү курман болгондордун саны алда канча көп экенин айтышууда.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.
49 жаштагы Зайнолибиддин Низомиддинов 2016-жылдан бери Мирзиеев менен тыгыз кызматташып келет. Ал президенттин администрациясынын жетекчиси катары таасирдүү саясий фигура катары саналчу.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG