Кыргыз өкмөтү “Манас” жана анын курамындагы “Ош” аэропортун сырткы башкарууга берүүгө байланыштуу түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-июлда билдирди.
Мунун алдында аталган эки аба майданды башкарган “Манас” ачык акционердик коомунун жетекчиси күтүүсүз алмашкан. Мындай кадрдык өзгөрүү аэропортторду сырттан башкарууга берүү, өкмөт тапкан инвестор тууралуу сын-доомат күчөп турган учурга туш келген.
Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматта Акылбек Жапаров "эки ири аэропортко байланыштуу келишимден "Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбаганына байланыштуу баш тартканы" айтылат.
Анда Жапаров "албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүүнү каалайт. Бирок биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”, - деген.
YDA INŞAAT компаниясы буга байланыштуу азырынча үн ката элек.
Мунун алдында “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун башкы директору күтүүсүз алмашканы белгилүү болгон.
Аталган компаниянын басма сөз кызматы учкай гана маалымат таратып, анда Директорлор кеңеши Бакыт Шаршеевди жумуштан алып, анын ордуна Манас Самидиновду дайындаганын билдирген.
Директорлор кеңешинин мүчөсү Ренат Түлөбердиев "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, жаңы жетекчинин иш тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты.
Социалдык тармактарда "Самидинов президенттин туугандарына жакын адамдардын бири" деп тараган сөздөрдү четке кагып, андайды эч качан укпаганын, “биринчи жолу угуп жатканын” айтты.
“Бакыт Шаршеев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кетти. Самидиновдун тажрыйбасы жетет. Азыр аэропортто иштеп жаткан команда жакшы. Иштин баарын чогуу алып барабыз. Аэропортто абдан жакшы команда түзүлгөн. Чоң-чоң ийгиликтерге жетишип жатабыз. Чогуу иштеп, ийгиликтерге жетебиз”, - деди Түлөбердиев.
Расмий маалыматка ылайык, Манас Самидинов 36 жашта. 2012-жылы Кыргыз улуттук университетинде Бажы иши, андан кийин, 2020-жылы Юриспруденция адистигин аяктаган, бирок бул кесиптерде такыр иштеген эмес.
Самидинов эмгек жолун Nicon Company аттуу чакан насыя берүү компаниясында адис болуудан баштаган.
Андан кийин Blue Three Central Asia компаниясынын директорунун жардамчысы болгон.
Forester жана Сибирь Трейд деген ишканаларда соода өкүлү катары иштеген. Андан кийин "Нур Телеком" компаниясында сатуу боюнча менежер, "Самарс Группта" башкы директор кызматын аркалаган.
"Компания Манас Менежмент" жабык акционердик коомунун жетекчиси болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.
Айтор бул кадрдык өзгөрүү кыргыз өкмөтү "Манас" жана "Ош" аэропортторун сырткы башкарууга берүүгө аракет кылып жаткан учурга туура келди.
Өткөн айдын аягында парламентте Акылбек Жапаров эки аба майданды түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын билдирген.
Анда түрк компаниясы эки жыл ичинде аэропортторго 450 миллиондон 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, учуп-конуу тилкесин, жаңы аэровокзалын жана жүк терминалын курууну, түшкөн пайданы теңме-тең бөлүүнү убада кылганын айткан.
Бир катар депутаттар стратегиялык объектилер түшүнүксүз, бүдөмүк жагдайда белгисиз компанияга узак мөөнөткө сырткы башкарууга берилип жатканын сындап чыгышкан.
Коомчулуктагы талкуудан кийин өкмөт башчы эки ири аба майданды тышкы башкарууга өткөрүп берүүгө байланыштуу сүйлөшүү гана жүрүп жатканын билдирген.
Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев "Манас" аба майданындагы жетекчинин алмашканын сырткы башкарууга берүү жараянына да байланыштырды.
"Эки ири аэропортту сырткы башкарууга берүү маселесинде Министрлер кабинетинин мүчөлөрүндө дагы бир кылка пикир жок. Анткени "эмне үчүн биз аты-жыты белгисиз, буга чейин аэропортторду башкарууда ийгилик жаратпаган компанияга беришибиз керек, бул туура эмес" деген дагы чиновниктер бар. Ошондуктан аэропорт жетекчисинин кызматтан кетиши да ошого да байланыштуу болушу мүмкүн. Аэропортту сырткы башкарууга берип 500 миллион доллардан ашык каражат салынат дегенден кийин дагы аэровокзалды, учуп-конуу тилкесин куруу өңдүү чоң каражатты талап кылган иштер бар.
Аны дагы ич ара бөлүштүрүү керек да. Ошондуктан бир топ маселелер жаралышы мүмкүн. Бул жерде чоң кызыкчылыктар жана чоң акча дагы бар. Мындан улам жетекчинин кызматтан кетиши менен эле токтобой, дагы бир канча чиновниктер да жумуштан кетиши мүмкүн. Дагы бир канча жыл өткөндөн кийин жооп берип калышыбыз мүмкүн деп ойлошу ыктымал. Негизинен сырткы башкаруу киргени жакшы, мен колдойм. Бирок атактуу, ийгилик жараткан компанияларга ачык сынак аркылуу берилсе туура болмок".
Акылбек Жапаров өкмөт "Манас" жана "Ош" аэропортторун Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңеши менен сынак аркылуу сырткы башкарууга берүүнү көздөгөнүн, бирок конкурска катышууну каалаган башка чет элдик компаниялар Кыргызстандын шартына көнбөй койгонун билдирген.
Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров ачык сынак өткөрүүнүн так эрежелерине токтолду.
"Өкмөт "аэропортту 20-30-40 жылга сырткы башкарууга бергенге макулбуз. Алар 300-400 миллион доллар инвестиция кылсын, жанына жаңы аэропорт курсун" деп ачык-айкын сынак өткөрсүн. Акылбек Жапаров "биз пайданы да теңме-тең бөлүүгө даярбыз" деп айтып жатпайбы. Мына ошондо ким канча акча салат, канча пайдага ыраазы экени билинет. Бул сунушту дүйнөдөгү эң чоң аэропортторду башкарган компанияларга сынакка катышкыла деп кат жөнөтүү керек. Негизи ачык сынак өткөрүүнүн так эрежелери, классикага айланган так дүйнөлүк тажрыйба бар, ал жерде баскычтар бар. Баарына кат жөнөтүү керек, ачык сынак өткөндөн кийин ким ылайыктуу экени, ким канча пайыз үлүшкө, шартка ыраазы экени билинет. Ошол жерден жеңүүчүнү тандап, келишим түзүлүшү керек. Туруп-туруп эле ачык сынак өткөрбөй келишим түзүү бул чоң коррупциянын белгиси, экинчиден, Кыргызстан үчүн жакшы эмес жыйынтык болушу мүмкүн. "Булганган сууда" балээнин баары болот да. Ачык-айкын болсо баарына так болот".
Былтыр кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "Манас" аэропортун эл аралык операторго берүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгып, эл аралык тендер жарыялоо боюнча келишимге кол коюлган.
Эл аралык аба дарбазаларын иштетүү тажрыйбасына ээ Мүнхен аэропорту, Инчхон Сеул аэропорту, TAB Түркия сыяктуу ири компаниялар бул сынакка катышуу ниетин билдирип, Дүйнөлүк банктын чакыруусуна дароо жооп кайтарышкан.
Ал тургай 14-июнда Бишкекте инвесторлордун биринчи жыйыны өтүп, ага жогоруда аталган компаниялардын өкүлдөрү келген. Мындан улам туристтик бизнес өкүлдөрүнүн президент Садыр Жапаровго кайрылып, аба майдандар ачык сынак менен бул тармакта ийгилик жараткан компанияларга берилиши керектигин айтышкан.
Садыр Жапаров бул маселе боюнча азырынча үн ката элек.
"Манас" жана "Ош" аэропорттору Кыргызстандагы эл аралык макамга ээ эң ири аба майдандар. Эки аба майдан тең “Манас” ачык акционердик коомунун курамына кирет жана өлкөдөгү кирешелүү компаниялар болуп саналат. Садыр Жапаров былтыр 3 миллиард сом таза киреше менен чыкканын айткан.
Буга чейин деле "Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү, ал тургай менчикке чыгаруу өңдүү демилгелер көтөрүлүп келген.