Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Сатылбай жаткан мүлктүн түйшүгү


"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

Мамлекеттин карамагында турган отузга чукул мүлктү менчиктештирүү боюнча 2020-жылга чейинки программанын долбоору парламенттин комитеттеринде талкууланды.

Талкууларда программага кирип, бирок менчикке сатылбай жаткан мүлк жөнүндө сөз болуп, мамлекеттик мүлктү сатуу жана натыйжалуу башкаруу саясатын иштеп чыгуу сунушу берилди.

Мамлекеттик мүлк таланып-тонолуп кетишин алдын алуу максатында "Манас" аба майданы, "Кыргызстан" авиакомпаниясы сыяктуу мамлекеттик үлүшү бар ишканаларды башкарууга чет элдик топ-менеджерлерди чакыруу демилгеси көтөрүлдү.

Алдыдагы эки жылдагы менчиктештирүү программасы

Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган мамлекеттик мүлктү менчикке берүү боюнча 2020-жылга чейинки менчиктештирүү программасына кирген 28 мамлекеттик мүлк төрт тизмеге бөлүнгөн. Анда акционердик коомдордогу мамлекеттин үлүштөрүн сатуу жана ишканалардын мамлекеттик үлүшүн сактоо менен алардын чарба жүргүзүү формасын өзгөртүү жагы ичине камтылган.

Буга чейин программага киргизилип, бирок сатылбай келген мамлекеттик жети мүлк кайрадан менчиктештирүүнүн тизмесине кошулду. Алардын арасында "Кыргыз көмүр" жана "Кыргыз почтасы" сыяктуу мамлекеттик ишканалар бар.

Парламенттин тиешелүү комитеттеринде буга байланыштуу суроолорго жооп берген Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев менчиктештирүү программасына кирген мүлктөр тууралуу буларга токтолду:

- 2018-2020-жылдардагы менчиктештирүү программасына 28 мамлекеттик мүлк киргизилип, өкмөттүн токтому менен бекитилди. Анда тогуз акционердик коомдогу мамлекеттин үлүштөрүн сатуу, борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасын акционердик коомго айлантуу жана анын 49 пайыз акциясы сатыкка сунушталууда. Алты мамлекеттик ишкананын 100 пайыз үлүшүн сактоо менен аларды акционердик коомго айлантуу жагы каралды. Он эки мамлекетке тиешелүү мүлктүк комплекстер жана мүлктүн тизмеси дагы көрсөтүлдү.

Өтпөгөн мүлктөрдүн өксүгү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, буга чейин 2015-2017-жылкы менчиктештирүү программасына 49 мамлекеттик мүлк киргизилген.

Алардын арасынан айрым акционердик коомдордогу мамлекеттик үлүштөр, имараттар, өндүрүштүк объектилер жана жер тилкелери сатылган. Улутташтырылган мүлктөрдүн ичинен кээ бир эс алуу жайлары, өндүрүштүк жана административдик имараттар мамлекеттик мекеме-уюмдардын карамагына өткөн.

Ренат Түлөбердиев мүлктөр кайсы мамлекеттик органдын карамагында экенине токтолду:

- Эки объект өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарым өкүлчүлүгүнүн карамагында. Жети объект мүлктү башкаруу фондунда. Бир объект Жалал-Абад шаардык мэриясында. Сегиз мүлк мурда менчиктештирүү программасына кирген. Бирок парламенттин токтому менен токтотулуп турат. Тогуз объект 403 миллион 907 миң сомго сатылган. "Альфа-Телеком", "Дастан" акционердик коомдорун менчиктештирүү жана Ысык-Көлдөгү үч кабат имаратты сатууга уруксат берилген. "Витязь" пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, "Солнышко" Улуттук олимпиада комитетине өткөрүлүп берилген.

Таланган мүлктөрдүн таржымалы

Парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетиндеги талкууда 2010-жылдагы окуя боюнча сыртынан кылмыш иши козголгон Кадыржан Батыров сыяктуу адамдардын мамлекетке өткөн мүлктү азыр кантип башкарылып жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.

Анткени мамлекеттик бюджетке кандай киреше берип жатканы белгисиз анын кээ бир мүлкү "Элдик" деген мамлекеттик ишканага бириктирилген.

Комитеттин мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков мүлктөр натыйжалуу башкарылбай, анын айынан таланып-тонолуп жатканын сындады:

Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

- Мен жакында шайлоочулар менен жолукканы Жалал-Абадга бардым. Ал жактагы шайлоочулар соттун чечими менен Кадыржан Батыровдон алынган объектилердин натыйжасыз башкарылып жатканына даттанышты. Эгерде алардын баары мамлекетке өткөн болсо, анда аларды кармап отурбай, бирөөгө жооптуу башкарууга берүү керек. Эл арасында бул боюнча суроолор аябай көп экен. Ачыгын айтканда, ал жердеги мүлк таланып-тонолуп кетип жатканы боюнча сөздөр бар. Ошондуктан жергиликтүү калк аны ары же бери кылып, маселесин чечпейсиңерби деген талап койду. Ошондуктан алардын баарын мамлекеттин карамагында кармап тура бербей, сата турганын сатыш керек. Мамлекеттик бюджетке акча түшүрүү зарыл. Ошол мүлктүн кандайдыр бир бөлүгүнө кандайдыр бир орусиялык адам ээлик кылат деген сөз бар экен. Сиздер ошону билесиздерби?

Жогорку сот Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад облусундагы мүлктүн тизмелеп, аны мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча чечим чыгарган. Бирок анын өмүрлүк жубайына катталган мүлктүн башка чет элдик жаранга мурда эле сатылып кеткени боюнча далилдер сотто келтирилген эле.

"Мүлк" мамлекеттик ишканасынын директору Токтогул Туманов сот тарабынан бул маселеге толук чекит коюлганын билдирди:

- "Элдик" деген мамлекеттик ишкананын карамагында турган мына ошол мүлктүн бардыгы Жогорку соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына берилип, өткөрүлгөн. Мүлктөргө кандайдыр бир орусиялык жарандын үлүшү катталган деген нерсе мына ошол сот чечим чыгарганга чейин айтылып келген. Жогорку соттун чечиминин жыйынтыгы менен анын бардыгы толугу менен мамлекеттин колуна өткөн. Бул жерде маселе жок.

Чет элдик топ-менеджерлерди чакыруу демилгеси

Анткен менен "Эйр Кыргызстан" жана "Манас" аба майданы сыяктуу ири мамлекеттик компанияларды башкаруу натыйжалуу болбой жатканы белгиленди. Ошондуктан алардагы мамлекеттин үлүшүн сактап, бирок башкарууну чет элдик топ-менеджерлерге берүү демилгеси көтөрүлдү.

Депутат Асылбек Жээнбеков буга казакстандык мамлекеттик авиакомпанияны башкаруу жана өнүктүрүү кандай жүргөнүн мисал келтирди:

- Эл аралык рейтинги бар топ-менеджерлерди ушул мамлекеттик компанияларды башкарууга тартуу керек. Менеджментти алып бара турган эл аралык компаниялардын арасында сынак жарыялап, башкарууну аларга беришибиз керек. Бул жерде мамлекеттин үлүшү толугу менен мамлекеттин колунда кала берет. Башкарууну топ-менеджерлер жүргүзөт. Чет өлкөлөрдөн ошондой беделдүү жана абийирдүү топ-менеджерлерди жалдап иштеткен жерлерде башкаруу натыйжалуу болуп жатканын турмуш көргөздү. Мисалы, Казакстандагы "Air Astana" компаниясынын кандайдыр бир чакан үлүшү англиялык инвесторго берилип, башкаруу чет элдик топ-менеджментке өткөн. Ал бул компанияны көтөрүп, мыкты учактарды лизингге алып, башкарууну жолго коюп, авиакомпания каттамдарды көбөйтүп, дүйнөнүн чар тарабына учууга аракет кылып жатат. Биз болсо "Эйр Кыргызстанды" эч кимге бербей, өзүбүз башкарабыз деп жүрүп, бул компания банкрот болуп, отуруп калды. Уча турган учагы жок. Мына ушундай эле мисалды "Манас" аба майданы боюнча айтсак болот.

Ишкер долбоорлорду иштеп чыгуу

Ошол эле кезде парламентте мамлекеттик ишканаларды жеке колго берүүдө түз сатуу ыкмасы аркылуу, баасын коюп эле сата бербей, сынак жарыялап, ишкер долбоордун негизинде сатыкка чыгаруу маселеси каралды.

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Рада Туманбаева мамлекеттик мүлктү натыйжалуу сатуу үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүнү сунуштады:

- Мен мамлекеттик ишканаларды жөн эле сатыкка коюп, түз сатуу аркылуу баасын келише калып, сатып жибергенге каршымын. Биздин өкмөт, тиешелүү министрликтер ишканаларды иштетүү үчүн ишкер-план түзүп, анын негизинде жеке менчикке сатуу керек же болбосо мамлекеттик-жекелик өнөктөштүк аркылуу кызматташып, ишти алып баруу зарыл. Бул жерде кандайдыр бир шарттарды коюп, ошол ишканалар чынында ишке бериле турганына кепилдик алып анан сатса, анда жумуш орундары түзүлүп, мамлекетке салык дагы түшөт эле. Азыр эми жөн эле сатыкка чыгарса, анда жеке кызыкчылыкты гана көздөгөн бирөө сатып алып, ошол кыймылсыз мүлктүн баасы кымбаттаганда сатам деген негизде 20-30 жыл басып жата берет. Ошол үчүн мамлекеттик мүлктү сатуунун ыкмалары өзгөрүшү керек.

Агрардык саясат комитети мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна менчиктештириле турган мүлктү эле тизмелеп келбей, аларды сатуунун жана натыйжалуу башкаруунун стратегиясын иштеп чыгуу сунушу берилди. Менчиктештирүү программасынын долбоору Жогорку Кеңештин келерки жалпы жыйынына чыгарылып, талкууланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG