Кыргыз бийлиги эл аралык “Манас” аэропортун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу тышкы башкарууга берүүгө даярданууда. Ушул мезгилде эл аралык финансы корпорациясынын көмөгү менен келишимдин шарттары аныкталып жатат. Июль айынан кийин компанияны тандоого тендер жарыяланышы мүмкүн.
“Манас” эл аралык аэропортун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу тышкы башкарууга берүү иши кайрадан жанданды. Бийлик өкүлдөрү бул ирет саясий чечим кабыл алынганын, тышкы башкарууга берүүгө олуттуу даярдык жүрүп жатканын билдирүүдө.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов аэропортту тышкы башкарууга берүүнүн шарттары дайын болуп калганын айтты.
“Долбоорго болжолдуу 400 млн. доллар күтүп жатабыз. 28 жылга башкарууга берилет. Инвестор учуу-конуу тилкесин толук реконструкциялайт. Туманда учуп-конуу маселесин чече турган эски жабдууларды заманбап жабдууларга алмаштырат. Учурдагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу терминалдарды модернизациялоо жана жаңыларын куруу ишке ашырылат. Аэропорттун ички инфраструктурасын жакшыртат жана анын коопсуздугун жогорулатат”.
Министрлер кабинети “Манас” аэропортун Борбор Азиядагы ири аймактык хабга айландыруу максатын көздөйт.
Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк борборунун билдиришинче, “Манас” эл аралык аэропорту учурда жылына 2,1 млн. жүргүнчүнү тейлеп жатат.Эгер инвестордун башкаруусуна берилсе, 9 млн. жүргүнчүгө чейин көбөйүшү мүмкүн.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги аэропортту жаңылоо долбооруна каржылык жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен макулдашууга 2021-жылдын октябрь айында кол койгон. Аталган уюм эл аралык инвесторду Кыргызстан үчүн экономикалык жактан пайдалуу шартта тандоо боюнча сынак өткөрүүгө көмөктөшмөк.
Аталган корпорациянын Кыргызстандагы өкүлү Эркин Асрандиев 7-8 мамлекеттин олуттуу компаниялары “Манас” эл аралык аэропортун башкарууга кызыкдар экенин айтты.
“Кызыктар инвесторлордун арасында Германиянын, Франциянын, Малайзиянын, Түштүк Кореянын, Индиянын, Түркиянын, Орусиянын жана Аргентинанын чоң компаниялары бар”.
“Манас” эл аралык аэропортун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде тышкы башкарууга берүүнүн шарттары толук аныктала электигине байланыштуу көп маалыматты ачыка чыгара алышпай турганы белгилүү болду.
Бирок Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) катышкан башка аэропорттордо мамлекетке жалпы түшкөн каражаттын 35-45 % калат. Инвесторду тандоо бир канча этап менен өтөт. Сынакка катышкан компаниянын эл аралык аэропортторду башкаруу тажрыйбасы, каржылык туруктуулугу, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизгени эске алынат. Компаниялар техникалык жана каржылык эки сунуш берет.
“Манас” ачык акционердик коому Кыргызстанда 11 аэропортко ээлик кылат. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо регионалдык. Функционалдык жактан тогузу иштеп жатат, экөөнүн сертификаты жок. Каржы жагынан "Манас" жана “Ош” эл аралык аэропорттору гана кирешелүү болсо, калгандары дотацияда олтурат.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, аталган аэропорттордун ичинен жалгыз “Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүүгө келишим даярдалып жатат.
Анткен менен “Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү жөнүндө демилге жаңылык эмес. Буга чейин тышкы башкарууга гана эмес, менчикке берүү тууралуу демилгелер болгон.
Айрым учурда премьер-министр, президенттердин деңгээлинде көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.
Мисалы, 2013-жылы Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешмеде аэропортторду орусиялык ишканаларга берүүгө кыргыз бийлиги кызыкдар экенин айткан. Мындан көп өтпөй “Манас” аба майданын сатууга тендер жарыяланып, ага сегиз компаниядан сунуш түшкөн.
Бул коомчулукта бир топ каршылыктарды жаратып, чоң сумма сунуштаган Орусиянын “Роснефть” компаниясы аэропортту сатып алуудан баш тарткан. Кийинки бийлик тушунда дагы ушундай аракеттер көрүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Манас” аба майданын тышкы башкарууга берүүгө каршы.
“Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралса туура болмок. Анткени бул жерде бир топ саясий маселе жаралышы мүмкүн. Албетте, биз аэропортту оңдошубуз керек. Бирок насыя алып өзүбүз салсак туура болмок да. Тышкы башкарууга берип койсок стратегиялык ишкананы чет өлкө алып кетсе туура эмес болот да. Алматыныкы берилди деп жатышат, бирок ал борбор эмес да. Караколдукун же башка шаарлардыкын берели. Мен “Манас” аэропортун чет мамлекеттин компаниясына берүүгө каршымын”.
“Манас” аба майданы - кирешелүү мамлекеттик ишканалардын бири. Президент Садыр Жапаров өткөн жылы аэропорт 3 млрд. сом таза киреше менен чыкканын айткан.
“Манас” ачык акционердик коому 2022-жылдын биринчи кварталында 807 млн. сом тапканын, бул 2021-жылга салыштырмалуу 184 млн. сомго көп экенин билдирген.
Эксперт Абай Алымкулов “Манас” аэропортун ири инвестор тартып, модернизациядан өткөрбөсө хаб болуу мүмкүнчүлүгүн коңшу мамлекеттерге тарттырып жибериши мүмкүн деп эсептейт.
“Манас” аба майданынын абалы начар болуп жатпайбы. Ошону оңдош үчүн инвестор тартып, керектүү каражатын сарптап, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, буга чейинки төлөп жаткан төлөмдөрүн сактап, ошого жараша эл аралык деңгээлге көтөрүш керек. Аты чыккан чоң компанияларды чакырып, эң жакшы сунуш бергенин чекесинен чертип тандайт”.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган. Сатууга же жеке колго берүүгө сунушталган мамлекеттик ишканалардын арасында “Манас” аба майданы дагы бар.