Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Литвалыктар акча топтоп алып берген дрон Украинага жөнөтүлдү


Литвалыктар Украинага тартуулаган дрон. Шауляй, Литва. 6-июль, 2022-жыл
Литвалыктар Украинага тартуулаган дрон. Шауляй, Литва. 6-июль, 2022-жыл

Литвалыктар акча топтоп алып берген Bayraktar дрону Украинага жөнөтүлдү. 6-июлда Шауляйдагы аскердик аэродромго пилотсуз учакты көрүү үчүн миңдеген литвалык чогулду. “Ванагас” (Карчыга) деп аталган дронго Литва менен Украинанын желектери жана гербдери түшүрүлгөн.

"Албетте, мындан согуштун жүрүшү өзгөрүп кетпейт. Бирок бул Литва элинин украиналыктарга тилектештигинин символикалык ишараты болуп калды. Бизден кийин украин жарандары өздөрү да акча чогултуп, түрк компаниясынан дагы үч дрон сатып алуу демилгесин көтөрүшкөн", - деп айтты Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас.

Литвалыктар дрон сатып берүү үчүн май айында дээрлик 6 миллион евро чогултушкан. Айрымдары 50, 100 евродон жөнөткөн. Түрк компаниясы ал акчаны Украинадагы гуманитардык максаттарга жумшагыла деп айтып, аппаратты бекер берген.

Ушул тапта Польшада да украин армиясына пилотсуз учак алып берүү үчүн акча топтоо акциясы жүрүп жатат.

Украина акыркы жылдарда Bayraktar TB2 жабдуусунан 20 даана сатып алган, 27-январда дагы 16 даанага буйрутма берип, дрондор марттын башында келген.

XS
SM
MD
LG