Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:34

«Талибандын» лидери алгачкы ирет Кабулдагы жыйынга катышты


«Диниятчылардын чоң жыйынынын" алгачкы күнүндөгү пресс-конференция. 30-июнь, 2022-жыл.
«Диниятчылардын чоң жыйынынын" алгачкы күнүндөгү пресс-конференция. 30-июнь, 2022-жыл.

"Талибан" кыймылынын өкмөтүн жетектеген Мавлави Хайбуатулла Ахундзада 1-июлда Кабулда өтүп жаткан «Диниятчылардын чоң жыйынына» катышты. Ал баарын Ооганстандагы «жеңиш» менен куттуктады.

Бул Ахунзаданын алгачкы жолу коом алдына ачык чыгуусу болуп калды. Октябрга чейин ал такыр элге көрүнчү эмес. Ахунзада «Талибандын» башына 2016-жылы келген.

Үч күндүк жыйындын катышуучулары катаал тандоодон өтөт. Ал жакка этникалык жана диний азчылыктардын өкүлдөрү жана аялдар катыша алышпайт.

Буга чейин өкмөт башчынын орун басары Абдул Салам Ханафи билдиргендей, чогулгандар шариятка ылайык башкаруу жолун, улуттук биримдикти, коопсуздукту жана экономикалык, социалдык маселелерди талкуулашат. Ошондой эле ага саясатчылар жана ишкерлер да чакырылары айтылган.

Талибдер бийликке келгиче ушундай сыяктуу Лоя Жырга деген жыйын өтүп келген.

Лоя Жырга – оогандардын жүздөгөн жылдан бери кыйын кезеңде чогулуп, өлкөдөгү бирден бир талылуу маселелерди талкуулап келген жыйыны, курултай десе да болот. Ага саясатчылар, уруулар менен этникалык топтордун лидерлери, дин ишмерлери чакырылчу.

Кошмо Штаттар жана башка эл аралык коомчулук «Талибандын» бийлигин тааный элек.

XS
SM
MD
LG