"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 2-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 33…35 градус болот. (JsA)