Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстан менен Кытай бажыдагы эки башка эсепти чогуу текшерет


Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча тараптар эки башка маалымат берип жатканын териштире турган мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 29-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

“Кытайдын Экономика жана комерция министрлиги менен бирге жумушчу топ түзүлөт. Ал күн тартибине киргизилген. Азыр эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосундагы статистиканы бирдиктүү түргө келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлөт”, - деди Амангелдиев.

Депутат Эмил Токтошев Мамлекеттик бажы кызматынан эки башка чыккан статистикалык маалыматтын себебин сурады.

Аталган мекеменин башчысы Самат Исабеков муну Кытай транзит катары өтчү жүктөрдү да Кыргызстанга чыккан товар деп эсептеп жатканы менен түшүндүрдү.

Кыргызстанда бажы системасына байланыштуу суроолор Кытайдын расмий органдарынын соода жүгүртүү боюнча жаңы статистикасындагы айырмадан улам жаралган.

Жакында журналист Болот Темиров чакан иликтөө даярдап, ачык булактардагы маалыматтарга таянып, эки өлкөнүн статистикасындагы айырма 4 миллиард 800 миллион долларды түзөрүн билдирген.

Андагы маалыматка ылайык, Кытай 2021-жылы Кыргызстанга 6 миллиард 600 миллион доллардык товар жана кызмат көрсөтүүнү киргизгенин билдирген. Ал эми Кыргызстандын бажычылары 1 миллиард 400 миллион долларлык товар киргенин кабарлаган.

Маалыматтардагы мындай айырма буга чейинки жылдарда деле болуп келген. Соңку 20 жылда Кытай менен Кыргызстандын импортундагы айырмачылык 60 миллиард долларды түзгөнү боюнча маалыматтар чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG