Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.

Парламент өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

17:10 29.6.2022

29-июндагы жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө.

Өкмөттүн азыркы курамы 2021-жылдын октябрында ишке киришкен. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен былтыр 13-октябрынан тартып Акылбек Жапаров Министрлер кабинети менен кошо президенттик администрацияны да жетектей баштаган.

17:19 29.6.2022

Акылбек Жапаров: Алты айдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, былтыркыга караганда 52,7 миллиард сом көбүрөөк чогулттук. Бул - жомок эмес, бул - факт.

17:27 29.6.2022

Жогорку Кеңештеги жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөө бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө орунда турганын айтты. Жапаров эгер Кыргызстан аласасын убагында бере албаса кайсы бир объектилерди башкаруу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскертти.


"2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50 пайыздан ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт",- деди Жапаров.

Буга чейин президент Садыр Жапаров быйыл тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөө учуру башталганын, алдыдагы он жыл насыяларды төлөө үчүн мамлекеттик казынага оорчулук түшөрүн билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

17:40 29.6.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте өкмөттүн алты айда жасаган иштери боюнча маалымат берип жатып, өлкө экономикасында жылыш бар экенин билдирди. Ал 2021-жылдын консолидацияланган бюджетин ашыгы менен аткарганын айтып, кийинки жылдарга божомолдорун санады.

“2021-жылдын консолидацияланган бюджети 280 млрд. деп пландалган. Бирок фискалдык саясаттын натыйжасында 312 млрд. сомду түздү. Өлкөнүн 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Биз бюджетке акча түшүрүүнү улантып, 2023-жылы 500 млрд. сомго, 2024-жылы 600 млрд. сомго киреше-чыгашабызды жеткиребиз деп турабыз”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казынаны кыйгап өткөн салыктар менен күрөшүүнүн натыйжасында экономика калыбына келип жатканын белгиледи. Ал айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жогорулаганын айтты.

Министрлер кабинетинин отчету.
Министрлер кабинетинин отчету.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG